МИНИСТР ГЕРМАНИЯНЫН ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО СОЮЗУНУН (NABU) ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 31.05.2023
  • 0

30-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) өкүлдөрү менен жолугушту.

МИНИСТР ГЕРМАНИЯНЫН ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО СОЮЗУНУН (NABU) ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Жолугушууга Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) федералдык директору Лейф Миллер (Leif Miller), Эл аралык департаменттин директору Томас Теннхардт (Thomas Tennhardt) жана Кыргызстандагы өлкөлүк директору Толкунбек Асыкулов катышты.

Тараптар 2024-жылы Кыргызстанда “Туруктуу өнүктүрүү боюнча билим берүү жылын” өткөрүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү

Комментарийлер