МИНИСТР ЭСТОНИЯНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН САНАРИПТЕШТИРҮҮ ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 25.04.2023
  • 0

24-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Эстониядан келген делегация менен билим берүүнү санариптештирүү маселеси боюнча жолугушту.

МИНИСТР ЭСТОНИЯНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН САНАРИПТЕШТИРҮҮ ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАДЫ

Министр терең билим берүүчү жана жаңы технологияларды киргизген системаны түзүү боюнча Эстониянын тажрыйбасын жогору баалады.

Министр менен жолугушууда Билим берүү жана жаштар департаментинин менеджери Катрин Кивисилд, Эстония шаарлары жана айылдык муниципалитеттер ассоциациясынын аткаруучу директору Вейкко Лухалайд, 4 радиосунун жооптуу редактору Артур Аукон, Эстония ишкер аялдар ассоциациясынын консультанты Леена Кивисилд, Эстониянын эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоордук менеджери Анна Силем жана ESTDEV кызматкерлери “DigiKonush санариптештирүү аркылуу элеттик коомчулуктар үчүн ачык-айкын келечек куруу” долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуунун жаңы багыттарын карашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер