ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРЛОРУН ИШКЕ АШЫРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 19.12.2022
  • 0

 19-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов “Экономика жогорку мектеби” Улуттук изилдөө университетинин ректору Никита Анисимов менен жолугушту.

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРЛОРУН ИШКЕ АШЫРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Тараптар Кыргызстандын билим берүү уюмдары менен  “Экономика жогорку мектеби” Улуттук изилдөөнүн кызматташтыгын, биргелешкен иш-чараларды уюштурууну талкуулап, натыйжада профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу, илимий-изилдөө долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Атап айтканда, жолугушуунун катышуучулары “Муратбек Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети” Улуттук изилдөө университети менен “Экономикалык жогорку мектеп” Улуттук изилдөө университетинин илимий жана билим берүү потенциалын ишке ашырууда кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Уланбек Мамбетакунов ректор Никита Анисимовго Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна көргөзгөн методикалык көмөгү, анын ичинде COVID-19 пандемиясы учурундагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер