МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 17.11.2023
  • 0

16-ноябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ар түрдүү маселелер боюнча “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Министр жарандардын көйгөйлөрүн угуп чыгып, бардык кайрылуулар жана сунуштар дыкат каралып, мыйзам чегинде чечилерин билдирди. Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева тиешелүү бөлүмдөргө айтылган маселелерди көзөмөлгө алууну тапшырды.

Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат.

Бөлүшүү

Комментарийлер