МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАГДЫРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ – БИЛИМДЕ”

  • 17.09.2024
  • 0

17-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Информатика боюнча эл аралык олимпиадада (International Olympiad in Informatics) 2 күмүш, 1 коло медаль жана 1 ардак грамота алган окуучуларды сыйлады.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАГДЫРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ – БИЛИМДЕ”

Министр окуучулар менен олимпиаданын жүрүшү, атаандаштары тууралуу баарлашып, талыкпастан окууга жана эмгектенүүгө чакырды.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр билим менен өнүккөнүн айтып, Кыргызстандын тагдыры, келечеги – силерге окшогон билимдүү балдардын колунда деп белгиледи.

Министр окуучуларга ноутбук, планшет жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Эске салсак, Кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн Информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.

“Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.

Бөлүшүү

Комментарийлер