МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АСТАНАДА ИЛИМПОЗДОРДУН ФОРУМУНДА БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

  • 18.04.2024
  • 0

18-апрелде Кыргыз Республикасыны Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн “Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги” темасындагы илимпоздор форумуна катышты.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АСТАНАДА ИЛИМПОЗДОРДУН ФОРУМУНДА БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

Форумдагы баяндамасында Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыктын жыйынтыктарын, анын ичинде эки өлкөнүн ЖОЖдорунун биргелешкен долбоорлору, Казакстан Республикасынын колдоосу менен мектептердин курулушу тууралуу айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри илимий-техникалык өз-ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи: “Жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү конкреттүү чечимдерди кабыл алуу, глобалдык атаандаштыкка жетишүүнү камсыздоо, илимий-изилдөө жана иштеп чыгуулар үчүн инновациялык рынокту калыптандырууга аракеттенебиз”.

Ошондой эле форумга Казакстан Республикасынын илим жана жогорку билим берүүнүн вице-министрлери Динара Щеглова жана Дархан Ахмед-Заки, Казакстан Республикасынын билим берүү жана жогорку билим берүү министрлигинин илим комитетинин төрагасы Галимжан Жанкуатов катышты.

Илим министрликтеринин, илимий академиялардын, ЖОЖдордун жана илимий-изилдөө институттарынын 60ка жакын кызматкерлери кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстан менен Казакстандын илимий коомчулугунун идеялары жана демилгелери менен алмашуу аянтчасын түзүүнү талкуулашты.

Белгилей кетсек, форум Казакстан Республикасынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер