МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЛЕСЛИ ВИГЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 23.11.2023
  • 0

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЛЕСЛИ ВИГЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады.

Жолугушууда Догдуркүл Кендирбаева министрликтин приоритеттүү багыттары катары кенже курактагы балдарды өнүктүрүү, STEM предметтери боюнча мугалимдерде жаңы көндүмдөрдү калыптандыруу, сапаттуу жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгуу, билим берүү системаларын санариптештирүүнү жана өнүгүүнүн санариптик кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну атады.

Ошондой эле министр дүйнөлүк чакырыктардын, жаңы эмгек рыноктардын талаптарын эске алуу менен STEM багытындагы билим берүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Министр элчиге аймактарда бардык жаштагы жарандардын кызыгуулары камтылган жана баарына жеткиликтүү болгон өнүгүү борборлорун (коворинг) ачууну сунуштады.

Лесли Вигери элчилик менен министрликтин ортосундагы кызматташтыкты жогору баалай тургандыгын айтып, министрдин демилгелерин колдой тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер