МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН МЕКТЕПТЕРДИН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 06.04.2023
  • 0

2023-жылдын 5-апрелинде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын кеңсесинин шаарларды өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Чии-Юн Хуанг, топтун тең жетекчиси Толкун Жукушева, адис Гильермо А.Зирке, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору, долбоордун компонентинин координатору Эрмек Биялиев жана эксперт Айна Осконбаева “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында кызматташууну талкуулашты.

МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН МЕКТЕПТЕРДИН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАКШЫРТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

“Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору мектеп инфраструктурасынын коопсуздугун жана функционалдуулугун жакшыртуу боюнча компонентти камтыйт, анын алкагында 335 мектептин техникалык абалына инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын 10унда реконструкциялоо же жаңы курулуш пландалууда.

2023-2024-жылдарга долбоор боюнча техникалык көзөмөл жана мониторинг, курулуш иштери пландаштырылган.

Кошумча каржылоонун алкагында 30 мектепти реконструкциялоо жана куруу каралууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер