МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУНА БАРДЫ

  • 20.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 20-майда Баткен облусуна иш сапары менен барып, кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы чыр-чатактан жабыркаган айылдардагы мектептерди кыдырды. Министр Баткен районунун Аксай айылындагы Б. Ходжаев атындагы орто мектепке, Орто-Боз айылындагы Ж. Момунов атындагы орто мектепке барып, алардын абалы менен таанышып, эмгек жамааттары менен баарлашты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө мугалимдер андан жергиликтүү элди жана мугалимдерди колдоо иретинде олуттуу социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүсүн суранышты.

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУНА БАРДЫБ. Купешев кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн окуялардын кесепеттерин жоюу үчүн Министрлер Кабинети комплекстүү иштерди жүргүзүп жатканын, чек ара аймактарында жашаган элдин социалдык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Ошону менен бирге Б. Купешев министрликтин компетенциясына кирген маселелерди создуктурбай чечүү үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип жатканын билдирди.

«Быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына талапкер болгон Баткен облусундагы жабыркаган айылдардын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилет. Андан тышкары кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы каргашалуу окуялардан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн жогорку окуу жайларда окуп жаткан балдарына окуу акысын төлөөдө жеңилдик берүү маселесин карап жатабыз», – деп кошумчалады ал.

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУНА БАРДЫ

Баткен облусуна иш сапарынын алкагында министр алыскы Лейлек районунун Кулунду, Максат айылдарына барып, билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышты. Кулунду айылындагы орто мектепте өткөн жолугушууда мектеп алдындагы чарбаларды максаттуу пайдалануу сунушу айтылды. «Эгер мектептин карамагындагы чарбаларды өзүбүз иштетип, керектүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрсөк, кенже класстардагы окуучуларыбызга ысык тамак уюштуруп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк», – дешти мугалимдер. Министр бул багытта иштер жүрүп жатканын айтты.

Максат айылындагы мектепте өткөн жолугушууда муктаж мугалимдерге үй куруу үчүн жер тилкесин бөлдүрүп берүү маселеси көтөрүлдү. Министр бул маселени чечүү жергиликтүү бийликтен да көз каранды экенин белгилеп, бул багытта ыкчам иш алып барууну райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырды.

МИНИСТР БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУНА БАРДЫ

Иш сапарынын жүрүшүндө Болотбек Купешев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушту. Жолугушууда Баткен, Лейлек райондорунун мектептеринде өткөн жолугушууларда аталган социалдык маселелерди чечүүгө ыкчам киришүү зарылдыгы айтылды, ошондой эле Баткен, Лейлек райондорунун жабыркаган айылдарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн жана студенттерди колдоо максатында кабыл алынган чечимдер, карала турган маселелер боюнча маалымат берилди. Облустун жетекчиси билим берүү жаатындагы чечкиндүү колдоосу үчүн министрге рахмат айтып, тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер