МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЭКИ КҮНДҮК ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ

  • 10.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапары аяктады.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЭКИ КҮНДҮК ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ

Иш сапардын 2-күнү Каракол шаарынан башталды. Министр А.Б. Бейшеналиев К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулук курамы менен жолугушуп, билим берүүнүн мазмунундагы жаңыланууну талкуулады.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЭКИ КҮНДҮК ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ

Андан соң А.Б. Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Түп районуна барып, көптөн бери курулушу бүтпөй келген мектептерди тиешелүү адистер менен талкуулады.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЭКИ КҮНДҮК ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ

Иш сапардын акырында министр Ысык-Көл районунун, Ананьево айылындагы №82 кесиптик лицейдин жалпы абалы, техникалык-материалдык жабдылышы, окутуу шарттары менен таанышты.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер