МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖЫЙЫНДАГЫ БАЯНДАМАСЫ

  • 05.04.2022
  • 0

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

Урматтуу кесиптештер!

Ɵлкɵ үчүн абдан маанилүү болгон жана жакын арада ишке ашырыла турган Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим системасын жаңылоо боюнча демилгелер менен тааныштырууга уруксат этиңиздер!

Туруктуу демографиялык өсүш өлкөдө балдардын жана жаштардын адамдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин далилдеп турат, анткени мамлекетибиздин келечегин азыркы окуучулар, студенттер жана жаштар түзɵт. Өлкөбүздүн ийгиликтерге жетиши алардын билимине, руханий өнүгүүсүнө жана тарбиясына, илимдеги жетишкендиктерине көз каранды. Билим жана илим – ɵнүгүүнүн башаты!

Кыргызстанда 2011-жылы 149 миң бала төрөлсө, 2019-жылы 173 миң бала төрөлгөн. Азыр 3 жаштан 24 жашка чейинки балдардын жана жаштардын саны – 2 миллион 717 миң адам, бул бүткүл өлкөнүн калкынын дээрлик 41 пайызын түзөт! Бул, албетте, кубанычтуу!

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда акыркы 74 жылдагы калктын максималдуу өсүшү күтүлүүдɵ. Ага ылайык, 2028-жылдан тартып бала бакчаларга, ал эми 2032-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын мектептерине оор жүктөмдөр артылат.

Ɵсүп келаткан муундардын татыктуу билим алышын жана бүтүрүүчүлɵрдүн эмгек рыногунда жогорку деңгээлдеги даярдык менен старт алышын билим берүү гана камсыздай алат.

Министрдин баяндамасы

ПРЕЗЕНТАЦИЯ_МИНИСТРА_3-04-22-14 28мин

Бөлүшүү

Комментарийлер