«ААЛАМДЫН КӨРКҮ АЯЛЗАТ» — МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН КУТТУКТООСУ

  • 06.03.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри

Алмазбек Бейшеналиевдин куттуктоосу

 

Ардактуу апалар, кесиптеш эже-карындаштар,

Сиздерди кар алдынан баш баккан байчечекей сыңары эрте жазда эшик каккан эл аралык майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

“Ааламдын көркү – аялзат” демекчи, сиздер алмустактан бери адамзат жашоосунун ажарын ачып, учугун улап келе жатасыздар. Ал гана эмес, ар кандай коомдук формацияда өз ордуңуздарды таап, келечекке жол чаап келүүдөсүздөр.

Ырасында өлкөбүздүн билим, илим тармагын сиздерсиз элестетүүгө эч мүмкүн эмес. Жаш муундун жакшы таалим-тарбияга, терең билимге каныгып, сак-саламат өсүп жетилишинде болобу, же табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдердин оожалышында болобу сиздердин ордуңуздар өзгөчө.

Мындан ары да сиздердин колдооңуздар менен өлкөбүздүн илим, билим тармагын заман талабына ылайык реформалап, сапаттык секирик жасайбыз деген ишеничтемин.   

Сиздерге чың ден соолук, жаздагыдай жаркын маанай каалап, ары маңыздуу, ары түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ийгиликтер жылоолошуна чын ыкластан тилектештик билдирем.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер