МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРУУДА

  • 17.05.2022
  • 0
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы билим берүү мекемелерин кыдырууда. Министрдин 
сапары Ысык-Көл мамлекеттик университетинен башталды. Анда министр мекеменин окутуучу курамы, окутуунун жүрүшү, материалдык-техникалык базасы жана илимий лабораториялар менен таанышты.
МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРУУДА
Кыдыруу учурунда Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайдын ректоруна стартап борборлорду түзүүнү тапшырды.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – аймактагы алдыӊкы жогорку окуу жайы. 1940-жылдан бери студенттерге билим берип келген университеттин курамына 8 факультет кирет. Сабактар 7 окуу корпусунда жүргүзүлүп, аларда 142 окуу аудиториясы, 49 окуу-методикалык кабинет, 14 лекциялык зал, 20 компьютердик жана 6 мультимедиялык класстар бар.
МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРУУДА
Университеттин илимий китепканасы аймактагы эле эмес, республикабыздагы эӊ бай китепкана болуп эсептелет. Бул жогорку окуу жайдын диплому КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган.
Бөлүшүү

Комментарийлер