АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ МАМЛЕКЕТТИК ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 15.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Жыйналышта ЖОЖдордун ректорлору тарабынан окуу акынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу маалымат берилди.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ МАМЛЕКЕТТИК ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Министр жаралган көйгөйдүн алкагында ар бир ректорго жогорку окуу жайдын деңгээлинде жыйналыш уюштуруу жана ар бир студентке индивидуалдык мамиле жасоо, алар менен тыгыз иштешүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле, студенттерге жогорку окуу жайдын абалы, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүүнү, жаралган көйгөйлөрдү студенттер менен биргеликте талкууга коюуну тапшырды.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ МАМЛЕКЕТТИК ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Жыйындын соңунда министр жогорку окуу жайлардын кайрадан ачылышында студенттердин, мугалимдердин, техникалык персоналдын ден соолугу биринчи орунда экендигин баса белгилеп, санитардык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер