МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

  • 25.12.2020
  • 0

24-декабрда Билим берүү жана илим министри Эл аралык математика жана геометрия боюнча олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана алардын мугалимдерине ыраазычылык каттары менен белектер тапшырылды.

Эл аралык математика боюнча олимпиада (International Mathematical Olympiad) дүйнөнүн бир өлкөсүндө жогорку класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлөт. Акыркы жылдары олимпиадага 100дөн ашуун өлкө катышып келет. Кыргызстандын командасы аталган олимпиадага 1993-жылдан бери катышат. Бул жылы Covid-19 пандемиясынан улам, 2020-жылы олимпиада өзүнүн тарыхында биринчи жолу динстанциондук форматта өттү.

61-Эл аралык математикалык олимпиада (ЭМО) Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги жана Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган.

Кыргызстанда 61-ЭМО “Газпром Кыргызстан” мектебинде өткөрүлүп, Оштогу “Сема” лицейинин окуучусу Апиев Эрдан коло медалдын ээси болду. Анын мугалими Аскаров Азамат, ошондой эле Ишматов Махамадхан (Unite Education) балдарды олимпиадага даярдаганы үчүн ЭМО уюштуруучуларынан коло медаль алышты.

7-Иран геометриялык олимпиадасына 49 өлкөдөн окуучулар катышышкан. Ирандагы алгачкы геометрия боюнча олимпиада 2014-жылы өткөн. Тапшырмалар ар бир катышуучу өлкөгө олимпиаданын башталышына бир жума калганда жөнөтүлөт, олимпиада аралыктан өтөт. Кыргызстандын командасы аталган олимпиадага 2015-жылдан бери катышат. Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстан 10 медаль, үстүбүздөгү жылы 4 медалга ээ болушту:

  1. Аскербеков Тилек – Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу (күмүш);
  2. Бакыжанов Темирлан – Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу (коло);
  3. Корнияш Федор – Бишкектеги №61 УК АФМШЛ 6-классынын окуучусу (коло);
  4. Турсунов Абдумалик – “Келечек MI” мектебинин 8-классынын окуучусу (коло).

1950-жылы алгачкы жолу Математика боюнча Америка олимпиадасы өткөрүлгөн. Бул жылы олимпиадага 33 өлкөдөн 43000ден ашуун окуучу катышты. Аталган олимпиада Америкадагы улуттук олимпиаданын 1-туру болуп саналат. Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнөн АКШнын ЭМОго катышуучу командасы түзүлөт.

Кыргызстандын командасы Америка олимпиадасына 2019-жылы катыша баштаган. Бул жылы Максим Залепо эң алдыңкы 5%га кирди. Ал эми №61 УК АФМШЛ 6-классынын окуучусу Корнияш Федор атайын грамота менен сыйланды. Ошондой эле, №61 УК АФМШЛ ийгиликтүү катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болду (бул сыйлык жыл сайын 6000 мектептин ичинен 900үнө берилет).

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер