МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

  • 24.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, бул облустагы көйгөйлөрдү тизмектеп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр төмөндөгү тапшырмаларды берди:

— БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигине бюджеттик орундарды көбөйтүп берүү боюнча иштерди жүргүзүү;

— Баткен облусунун жалпы билим берүү мекемелерин окутуу тилдерине ылайык, окуу китептери жана окуу-методикалык адабияттар менен камсыздоо иштерин жүргүзүү;

— мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин, мамлекеттик кесиптик орто жана башталгыч окуу жайларын кезектеги жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери боюнча көйгөйдү чечүү үчүн, эл аралык донорлор менен  иш алып баруу жана окуу-өндүрүштүк устаканаларды заманбап компьютерлер жана тиешелүү окуу жабдуулары менен камсыздоо;

— облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын компьютер менен камсыздоо;

— облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын интернет желесине туташтыруу;

— билим берүүнүн сапатын жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүү;

— мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын суу менен камсыздоо маселесин чечүү;

— негизги жолдорго жакын жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жанында жол кыймылына тиешелүү жол белгилерди жана жерге төшөлгөн ылдамдыкты азайтуучу тепкичтерди (“лежачий полицейский”) орнотуу маселесин чечүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер