МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ АРАВАН РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ БАРДЫ

  • 01.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Т. Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ АРАВАН РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ БАРДЫ

Жолугушуу эркин форматта болуп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашты.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ АРАВАН РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ БАРДЫ

Орто мектептин администрациясы А. Бейшеналиевден авариялык абалдагы окуу корпусунун ордуна жаңысын салдырууга жардам берүүнү өтүндү. Министр маселенин орчундуу экенин баса белгилеп, авариялык мектепти Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана турган курулуш объекттеринин тизмесине коштурууну убада кылды. Аны менен бирге А. Бейшеналиев бул мектепке 10 компьютерди белекке берди.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВ АРАВАН РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ БАРДЫ

Иш сапарынын алкагында министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге жана “Гүлбаар” балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып кайтты.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер