МИНИСТР БАТМУга БАРДЫ

  • 29.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен мамлекеттик университетине (БАТМУ) барды.

МИНИСТР БАТМУга БАРДЫ

Каныбек Иманалиев университеттин материалдык-техникалык базасын кыдыруу менен бирге жогорку окуу жайы өзгөчө статус алгандан берки жетишкендиктерине күбө болду.

Экскурсиянын жүрүшүндө министр окуу жайдын профессордук курамына жыйын өткөрүп, Баткен шаарынын өсүп-өнүгүүсүндө билим берүү мекемелеринин, анын ичинде Баткен мамлекеттик университетинин орду эбегейсиз экенин айтты.

“Жаңы жетекчинин келүүсү менен окуу жайыңыздардын атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку деңгээлге чыгып жатканы, албетте, кубандырбай койбойт. Сиздер жарата турган ийгиликтер дагы алдыда экенине шегибиз жок”, — деди Каныбек Иманалиев.

Министр Каныбек Иманалиевдин айтымында, университеттин бюджети 2 жыл ичинде 2 эсеге өскөн. “БатМУ башка окуу жайларга караганда өнүгүү, билим сапаты, санариптешүү багытында дээрлик көп региондордогу окуу жайлардан алдыда экен. Биз дагы мындай өнүгүүлөргө колдоо көрсөтөбүз. Биз Баткен мамлекеттик университетинде 2-3 программаларды ишке ашырууну пландап жатабыз. БатМУ базасында медициналык колледж, бир канча багыттагы аспирантура бөлүмүн ачабыз, ал эми сиздердин окутуучуларды атайын даярдыктардан өткөрөбүз. Келерки жылы Кыргызстан боюнча мугалимдердин курултайын Баткенде өткөрөбүз. БатМУнун педагогикалык тармагына бюджеттик орундарды көбөйтөбүз”,-деди Каныбек Иманалиев.

Иш сапардын алкагында министр БатМУ алдындагы «Айгүл-Тоо» музей комплексине барып, студенттик стартаптар жана окутуучулардын, студенттердин жетишкендиктери боюнча көргөзмө менен таанышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер