МИНИСТР Б.КУПЕШЕВ АГАРТУУЧУЛАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

  • 07.09.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Б.Купешев Педагогикалык кызматкерлердин, билим берүү системасынын жетекчилеринин республикалык конференциясында пандемия учурунда билим берүү процессин аралыктан жүргүзүүгө салым кошкон баардык педагогдорго, өзгөчө электрондук билим берүү платформаларын түзүп, кеңейткен, онлайн катталуу үчүн сайттарды түзгөн, өз ишин уюшкандыкта жана кесипкөйлүк менен аткарган жана аткарып жаткан бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирди.

МИНИСТР Б.КУПЕШЕВ АГАРТУУЧУЛАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

— 2020-жыл оор жыл болду. Пандемия дүйнөдөгү бардык өлкөлөр үчүн билим берүүнүн абалын оорлотту. Бирок биз биргелешип бардык сыноолорго татыктуу туруштук бере алганыбызды белгилеп кетким келет. Мен баарыңарга – окутуу үчүн видео материалдарды даярдап, жаздыргандарга, дистанттык жана реалдуу режимде сабак бергендерге, билимдин ар кандай бөлүмдөрүнүн ишин жүргүзгөндөргө – ыраазычылык билдирем! Ошондой эле окутуу процессин уюштуруп, көзөмөлдөп турган тарбиячыларга, мугалимдерге, баардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, райондордун жана шаарлардын деңгээлиндеги жетекчилерге ыраазычылык билдирем! Электрондук билим берүү платформаларын түзүп, кеңейткен, онлайн катталуу үчүн сайттарды түзгөн, өз ишин уюшкандыкта жана кесипкөйлүк менен аткарган жана аткарып жаткан бардык кызматкерлерге чоң рахмат айтам. Биз мындан ары да бардык кыйынчылыктарды биргелешип жеңе аларыбызга чын дилимден ишенем, — деди министр.

МИНИСТР Б.КУПЕШЕВ АГАРТУУЧУЛАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

Бөлүшүү

Комментарийлер