МИНИСТР АЗИЗ ЖАНА КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕБИНЕ БАРДЫ

  • 04.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарында жайгашкан азиз жана көрүүсү начар болгон балдар үчүн атайын жатак-мектебине барды.

МИНИСТР АЗИЗ ЖАНА КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕБИНЕ БАРДЫ

 

Жатак-мектебинин директору К.Урсеитова мектеп менен тааныштырып чыкты.

Министр жатак-мектебинин жалпы абалы, кол өнөрчүлүк кабинеттери, компьютердик жабдыктары, китепкана жана ашканасы менен таанышып чыкты. Мындан сырткары балдардын окуу жана жашоо шарттарынан дагы кабар алды. Интернатта балдарды спортту сүйүүгө тарбиялоо максатында машыгуучу зал дагы бар.

МИНИСТР АЗИЗ ЖАНА КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕБИНЕ БАРДЫ

Андан соң министр мектеп-интернатынын мугалимдик курамы менен жолугушуп, аларга балдардын келечеги үчүн жасап жаткан эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле министрликтин атынан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды.

МИНИСТР АЗИЗ ЖАНА КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕБИНЕ БАРДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер