МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫ КОЛДОГОН ДОЛБООР

  • 03.02.2021
  • 0

2-февралда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду аялдар миграциясы жаатындагы кырдаал жана мигрант аялдардын коомду өнүктүрүүдөгү жана тынчтыкты куруудагы позитивдүү ролу жөнүндөгү маалымдуулугун жогорулатуу максатында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫ КОЛДОГОН ДОЛБООР

Иш-чара “Коомдун тынчтыкта жана жаратмандыкта өнүгүүсү үчүн миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын  жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бул долбоор миграцияга кабылган аялдарга жана кыздарга коомдун инклюзивдүү өнүгүүсүнө катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү аркылуу тынчтыкты курууга, ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Аталган долбоор өзүнүн активдүү ишмердигин 2020-жылдын июнь айында баштаган.Ага төрт облустан алты айыл тандалып алынган. Анткени бул айылдарда миграциянын агымы башка аймактарга салыштырмалуу жогору экендиги байкалган.

Алар — Ош облусунун Төөлөс, Бей айылдары, Баткендин Ак-Турпак, Орозбек айылдары, Жалал-Абаддын Кызыл-Туу айыл аймагы жана Талас облусунун Кара-Буура айылы.

Долбоор БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык  коомдук фонду тарабынан БУУнун Миграция боюнча Агенттиги/ Миграция боюнча Эл аралык уюм (МОМ), БУУ-Аялдар жана Эл аралык Эмгек уюму (МОТ), Жамааттарды өнүктүрүү боюнча Альянс (КБ “CDA”) жана Тренерлер жана консультанттар Бирикмеси (КФ “АТиК”) менен биргеликте жүзөгө ашырылып келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер