МИҢ СЫРДУУ ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

  • 21.02.2020
  • 0

МИҢ СЫРДУУ ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

 

КББАнын илимий кызматкери Мурзалиева Зина Жапонияда  болуп өткөн “Чыгыш- Батыш: – маданияттар байланышы” аттуу  эл аралык конгресске катышып келди. Бул  илимий сапар тууралуу аны менен профессор Уланбек  Мамбетакунов жүргүзгөн маекти  жарыялайбыз.

— Зина Кочековна, сиздин Жапон мамлекетинде болуп өткөн илимий конгресске катышып, баяндамаңызды тартуулап келгениңизди угуп калдык . Ушул боюнча бизге айтып берсеңиз?

– Конгресс 2-октябрда  Киото-Сенгё  университетинде болду. Аталган конгресске 34 мамлекеттен 250 илимпоз-окумуштуулар катышты. Алардын ичинде белгилүү окумуштуу-педагогдор: академик В.М. Алпатов, Пекин университетинин профессору  Ван Лие, Словакиянын  “Матея Бела” университетинин  профессору Репонь  Антон, «Россия орус тили» окуу китебинин автору  Е. А. Хамраева ж.б. болду.

— Сиздин докладыңыз кандай темада болду?

–  “Кыргызстандагы жаштар миграциясындагы  көйгөйлөр”-  аталыштагы баяндама менен чыктым. Кыргызстандагы учурдагы демографиялык  абал, элибиздин социалдык -маданий жашоосу, өсүшү, жаштардын турмушундагы көйгөйлүү маселелер боюнча статистикалык маалыматтардын негизинде жазылган кызыктуу илимий  баяндама болгондуктан,  катышуучулар тарабынан көптөгөн суроолор берилди.

Тегерек стол маалында мен да өз оюмду ортого салдым. Биздикиндей көйгөйлөр көп эле мамлекетте бар экен. Ар бир эле мамлекеттин билим берүү системасында,  дүйнөлүк глобализациянын шартында демографиялык, социалдык-экономикалык  абал,  жаштардын миграция жаатында  улуттук тил маселесинин көйгөйлөрүнө  токтолушту.

– Акыркы учурда биздин мамлекетибиз санариптештирүүгө, анын ичинде, билим берүүнү санариптештирүү маселелерине көп басым кылууда. Жапон мамлекетинде ушул маселе кандай чечилиптир?

Жапон билим берүү системасы дүйнө жүзүндөгү эң байыркылардын  катарында болуп эсептелет.  Жаралыш тарыхы  IV-VII кылымдарда материктен аралга  Кытай  өлкөсүнөн алынып келинип,  бүгүнкү күнгө чейин анча эмес өзгөртүүлөрдүн негизинде окутулуп келет.

Жапония Билим берүү системасы: мектепке чейинки (3 жаштан 6 жашка чейин ), ошондой эле атайын программа менен иш алып баруучу коррекциялуу майып балдар үчүн мектептер бар.

Мектеп программасында үч тепкичтүү система менен билим алышат:

  • СЁ: ГАККО — (башталгыч класстар) 6 жыл.
  • ТЮ: ГАККО — (ортонку класстар) 3 жыл.
  • ИКО: ТО: ГАККО — (жогорку класстар) 3 жыл.

Орто мектептер жалпысынан 12 жылдык билим берүү системасында.

Окуу жылы  үч чейректен турат. Окуу жылы  6-апрелден башталып, 20-июлга чейин созулат, анан каникул. Экинчи триместри  1-сентябрдан  26-декабрга чейин, үчүнчү триместрде 7-январдан 25-мартка чейин окушуп,  кийинки класска көчүрүү менен аяктайт. Жазында “Сакура гүлдөгөн” убакта жаңы окуу жылы башталат.

Мектептин жогорку класстарында жана ЖОЖдордо студенттер үчүн билим алууда акы төлөнөт. ЖОЖдордо биздикиндей эле бакалавр-магистратура системасында билим берилет.

Мектептерде 2020-жылдан баштап электрондук окуу куралы, окуу педагогикалык  документтер санарип формасына киргизилмекчи. Жапониянын  Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги “Билим берүү системасындагы маалымат саясатын ишке ашыруу” деп аталган сайт ачып, коомчулукта талкууланууда.

– Эми жапон эли, жапон маданияты жөнүндө сөз кылалы?

Жапония  өзгөчө көп сырдуу, көп кырдуу, көпчүлүктү таң калтырган, кызыктуу   өлкө. Мындай өзгөчөлүк алардын географиялык абалы боюнча башка мамлекеттерден  оолак болуп, чет элдин, айрыкча, Европа өлкөлөрүнүн таасири көп тийе бербегендигинин натыйжасында  болсо керек деген көз караштар айтылып келет.

Тарыхый өнүгүү жолу жапондордун өздөрүнө гана тиешелүү болгон дини, маданияты, үрп-адаты, каада-салты жаратылыштын татаал шартына (жер титирөө, вулкан, цунами, тайфундар) карата философиялык,  логикалык ой жүгүртүүсү аркылуу калыптанып, элдин биримдиктүү мүнөздөгү  жашоо турмушуна жараша ыңгайлашкан бай тажрыйбанын негизинде түзүлгөн.

Дини – Синтоизм, байыртан бери жапондуктар ар кандай жаратылыштын  кубулуштарына, көрүнүштөрүнө сыйынышып, храмдарга барышат.

Буддизмге сыйынуучулар үчүн ар кандай агымдагы үгүттөөчү мектептер иштейт.

Жапондор маданияты көп кырлуу. Анын эң атактуусу катары чай церемониясын айтсак болот.

Чай аземи. Атайын атрибуттар менен коштолгон  жашоодогу  ден соолукка пайдалуу сый мамиле. Бул бөтөнчө мамилени, айрыкча  монах-буддисттердин жашоосундагы өзгөчө  “чай ичүү” учурунда медитация процессин ырахаттануу, эс алуу  катары  алышат.

Улуттук кийим – кимоно. Жыл мезгилдерине жараша  жайкысы-юката деп аталат. Ал эми жылдын салкын мезгилинде жети катар белдемчи – кур менен курчалып, үстүнөн халат–кимоно кийишет. Кийимдери жаш өзгөчөлүгүнө жараша да болот. Учурда  кимоно улуттук кийим катары өздүк майрамдарда, үйлөнүү тойлордо гана кийилип, калктын басымдуу бөлүгү — кызматкерлер, студенттер, ж.б. — европалык стилге  басым жасаганын байкоого болот. Мисалы, көчөдө биздегидей, кытайдын шлепкасын бутуна илип алып, шортачан жүргөн жапондун жашын да, карысын да жолуктура албайсың.  Дайыма костюм–шым, галстукчан, буттарында туфли. Жада калса, жашы өтүп калган такси айдоочулары да, койкоюп кийинген, колдоруна аппак чыканагына жеткен мээлейи, ийилип саламдашып тосуп алып, ошондой эле абалда узатышат.

Жапондор ушундай маданияттын жогорку деңгээлине  кантип жетишкендиктерине таң бересиң.

Сакура майрамы жапон эли үчүн эң маанилүү. Сакуранын гүлдөшү жаратылыштын эң кооз жаз мезгили. Көпчүлүк туристтер сакуранын гүлдөгөнүн көрүүгө барышат экен. Ал мезгилде жапондор өздөрү да, ар кандай үй-бүлөлүк майрамдарын өткөрүшөт.

Танго-но сэку “эркек балдар” үчүн атайы майрам. Ал күнү атасы уулуна жапон элинин  эрдиги, самурайлардын  жоокердик машыктыруучулугу жөнүндө айтып келечекте мекенчилдикке багыт берсе, эне таттуу тамагы менен уулунун жолдошторун, кошуна-колондорун сыйлайт. Бул майрам да, сакура гүлдөгөн учурда өтөт.

Жапон ийилип таазим этүү салты – улуттун сыпайгерчилиги адамдар менен  учурашуу, ошондой эле коштошуу ишаратын билдирет.

Самурайлар — коомчулукта өз орду бар, улуттук маданиятка, каада-салттын таасирине баш ийген  жоокерлер. Алар ошол эле учурда, жай турмушта да,  чарбачылыкта да,   кызмат көрсөтүүчүлөр болушкан. Самурайлар  жапон элинин сыймыгы, эр жүрөк  жоокерлери, мекен коргоочулары.

Жапон маданиятынын  кайсы түрү болсо да, негизги идея  адамга гармониялуу беймарал  ырахаттанууну тартуулайт. Алардын ичинен оригами — кагаздан жасалган ар кандай фигуралар.

– Сиздин жолдошуңуз жапон күрөшү “дзюдо” боюнча белгилүү машыктыруучу болуп эмгектенгендигин билебиз.

1997-жылы мамлекеттик деңгээлде спорт комитетинин, дзюдо федерациясынын  уюштуруусу менен Япониядан Зигаро Канонун чебереси машыктырган бир команда келип, эл аралык “Касмалиев Кайбылда” атындагы мелдешти ачып берип кетти. Башында  он беш  жылдай жыл сайын  окуучулары, балдары менен биргелешип, кеңешип уюштуруп жүрдүк. Кийин  беш жылда бирден өткөзүүгө токтолуп, акыркы жолу 2015-жылы спорт комитетинин, дзюдо федерациясынын уюштуруусу менен  70 жылдыгына карата окуучулары, уулдарымдын жардамы менен белгилегенбиз. Кудай буюрса, 2020-жылы 75 жылдыгына карата өткөрсөкпү деп  даярданып жатабыз.

Ошого байланыштуу, менин иш сапарым жапон өлкөсүнө болгондуктан  маркумдун тилегин аткаруу максатында Токиодогу Зигаро Кано (1880-1938)  атындагы “Кодакан дзюдо” институтуна барып, өмүр баянын англис, япон тилдеринде жаңгак жыгачына  чектирип жасаткан үй-бүлөлүк эстелик-таберигин тапшырып келдим.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер