МЕЗГИЛ ӨЗГӨРӨТ, ТАРЫХ ӨЗГӨРБӨЙТ

  • 27.04.2020
  • 0

Быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жана Улуу ата мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган видеороликтердин сынагы Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийрим окуучуларынын арасында өткөрүлүп жатат.

МЕЗГИЛ ӨЗГӨРӨТ, ТАРЫХ ӨЗГӨРБӨЙТ

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы М.Султанали уулунун берген маалыматына таянсак, сынакта Улуу ата мекендик согуштун окуяларына арналган материалдар (видеороликтер) жарыяланган. Видеороликтердин хронометражы (узактыгы) 5 мүнөттөн 20 мүнөткө чейинки аралыкты камтыган жана 1941-1945-жылдардагы Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларына, Кыргызстандын ардагерлерине азыркы замандын жаштарынын согуш мезгилиндеги жасаган эрдиктери үчүн ыраазычылык кайрылуу-видеороликтерин даярдап жатышат.

МЕЗГИЛ ӨЗГӨРӨТ, ТАРЫХ ӨЗГӨРБӨЙТ

МЕЗГИЛ ӨЗГӨРӨТ, ТАРЫХ ӨЗГӨРБӨЙТ

МЕЗГИЛ ӨЗГӨРӨТ, ТАРЫХ ӨЗГӨРБӨЙТ

— Мугалимдер тарабынан сынактын номинациялары жарыяланган. Алсак, Ардагерлер менен күжүрмөн эмгекчилерге кайрылуу же силер ардагерлерди кантип куттуктагыңар жөнүндө маалымат; эстелик хроникасы (Документалдуу сюжет); дүйнөгө тынчтык керек!; Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары, тылдын күжүрмөндөрү, Ленинград курчоосунда болгондордун туугандары жана жакындары менен интервью; силердин айылыңардагы Жеңиш күнүнө арналган Жеңиш парадынан видео тартуу жана майрамдык иш-чаралар, — дейт Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Э.Эргешов.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер