МЕЦЕНАТ МЕКТЕПТЕРДИ КОЛДООГО ЧАКЫРАТ

  • 27.04.2023
  • 0

Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы, меценат Урмат Токтожумаев Билим берүү жана илим министрлигине жана «Кут Билим» редакциясына келип, айылдык кеңеши менен айыл өкмөтү билим берүү тармагында кандай иштерди жасап жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Урмат мырзанын айтымында, айылдык кеңештин карамагында үч мектеп жана үч бала бакча бар. Калкыныны саны 5173. Айыл өкмөтүнүн бюджетинде 21млн 580миң сом болсо, дагы алты миллион сом жергиликтүү бюджеттен түшөт. Жергиликтүү бюджеттен түшкөн каражатты бир гана билим берүүгө жумшайт.
— Ачыгын айтканда, билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде каражат жок. Көп нерсе жалгыз министрликтин колунан келбейт. Айылдык кеңештин депутаттары, төрагалары бюджет бекитилип жаткан кезде билим берүү мекемелеринин муктаждыктарын эске алуу менен каражатты туура бөлүп беришибиз керек. Биздин бюджетке акча түшкөндө дароо эле айыл өкмөткө караштуу мектеп, бала бакчалардын жетекчилерин чакырып, көйгөйлүү маселелери, кем-карчылары туурасында сурап, керектүү каражаттары, окуу курал, санариптешүүгө керектүү жабдыктар менен жабдыганга аракеттенебиз. Себеби алар өзүн-өзү каржылай албайт, министрлик бир гана эмгек акы төлөп бере алат. Ошондуктан бюджет караганда көбүнчө мектептерге басым жасайбыз. Себеби билим берүүнү колдошубуз керек жана камкордукту оболу мектептен башташыбыз керек деп ойлойм, — дейт төрага.

Бөлүшүү

Комментарийлер