«МЕТОДИСТ» САЙТЫ МУГАЛИМДЕРДИН КОЛУН УЗАРТТЫ

  • 03.04.2020
  • 0

8-апрелде бүтүндөй өлкө боюнча мектептерде дистанттык окуу башталат. Энергетиктердин шаарчасы Кара-Көлдө да агартуучулар бул жооптуу ишке жакшы даярдык менен келишти.

«МЕТОДИСТ» САЙТЫ МУГАЛИМДЕРДИН КОЛУН УЗАРТТЫ

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда,  учурда окуу-усулдук кабинеттин «Методист» сайты аркылуу агай-эжейлерге видеосабактарды өтүү жана окуучулар менен кайтарым байланышты түзүү жана Zoom программасы менен иштөө боюнча усулдук кеңештер берилүүдө.  Видеосабактар сайтка жайгаштырылып жатат. Мындан тышкары, каракөлдүк окуучулар республикалык бир катар телеканалдардан, ошондой эле интернет тиркемелеринен күн мурунтан коюлган жүгүртмөге ылайык видеосабактарды көрө алышат. Айрым мектептерде дистанттык окутууга даярдык мыкты экенин айта кетели.

А. Алибеков, «Кут билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер