МЭРДИН “КИТЕП ОКУП, СЫЙЛЫК АЛ” СЫНАГЫ

  • 19.05.2020
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, Кемин районундагы Орловка шаарынын мэри Бакыт Чанчаров балдардын көркөм адабий чыгармаларды окууга кызыгуусун арттыруу максатында 5-11-класстардын окуучуларынын арасында атайын сынак жарыялаган.

МЭРДИН “КИТЕП ОКУП, СЫЙЛЫК АЛ” СЫНАГЫ

Г.Кудряшов атындагы Орловка №1 мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, сынактын төрайымы Асел Асанбаеванын айтымында, аталган сынак айрыкча карантин учурунда балдардын бош убактыларынын пайдалуу өтүшүнө жакшы көмөкчү болууда.

— Сынактын шарты боюнча окуучулар заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун каалаган бир романын жана Эрнест Хемингуэйдин “Чал жана деңиз” повестин окуп чыгып, окуган чыгармасынын мазмунун жогорку деңгээлде көркөм, жеткиликтүү айтып берүүгө тийиш. Биринчи орунду ээлеген окуучуга беш миң сом, экинчи орунга үч миң сом жана үчүнчү байгелүү орун үчүн эки миң сом каралган. Балким, бул сынак карантин учурунда өтүп жатканы үчүнбү, мурда болуп көрбөгөндөй кызыгуу жаратканы байкалууда. Аны мугалимдер, ата-энелер, окуучулар өздөрү да айтып жатышат. Мугалим менен окуучу ортосунда баарлашуу, кеңешүү сыяктуу тынымсыз байланыштар түзүлүп, баласынын китепке кызыгуусу жаралганын көргөн ата-энелердин кубанычы чексиз,-дейт Асел Кудайбергеновна.

Сынактын жыйынтыгы окуу жылы аяктаганда, тагыраак айтканда, майдын соңку күндөрүндө чыгарылмакчы. Жыйынтыкталаар мезгили жакындаган сайын бул сынак азыртадан эле катышуучулардын бүйрүн кызытууда. Байгени ким ээлесе да, эң оболу, балдардын китепке кызыгуусуна жол ачкан бул сынак түпкү максатына жеткени эле чоң мөрөй экени талашсыз.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер