МЭР АЙБЕК ДЖУНУШАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРДЫ
- 06.08.2026
- 0
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын 5-августунда борбор калаадагы социалдык объектилерди кыдырып, алардын курулуш жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Жалпысынан шаар башчысы карап чыккан объектилердин арасында мектептер жана бала бакчалар дагы бар.
Алгачкы текшерилген объект №57 жалпы орто билим берүү мектеби болду. Бул жерде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, учурда демонтаж иштери толугу менен аяктаган. Учурда чатырын жабдуу, ички дубалдарды шыбоо жана фасаддын темир каркасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Шаар башчысы балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу эң башкы орунда турушу керектигин белгилеп, мектептин учурдагы тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну тапшырды.
Андан соң №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу текшерилди. Бул жерде темир-бетон каркасы тургузулуп, дубалдары кыш менен тургузулуп, электр монтаждоо иштери аяктаган. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар башчысы бала бакчанын тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну, имараттын чатырын жаңылоо маселесин иштеп чыгууну жана курулуш темпин күчөтүүнү милдеттендирди.
Ошондой эле шаар башчы №58 жалпы орто билим берүү мектебинде да болду. Бул билим берүү мекемесинин аймагын комплекстүү көрктөндүрүү иштери уланууда. Долбоордун алкагында мини-футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар ойноочу аянтчалары курулуп, тышкы жарыктандыруу, коопсуз жабуусу бар чуркоо жолдору жасалат. Мындан тышкары тротуарлар калыбына келтирилип, аймак толугу менен жашылдандырылат. Мэр курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү, ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгына долбоордун сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.
А.К., «КБ»





Комментарийлер