МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!

  • 20.03.2020
  • 0

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө  карата Токтогул районунда ведомстволор арасында биргелешкен иш-чараларды күчөтүү максатында “Менин мекеним Кыргызстан” аттуу аскердик жана спорттук ишчара болуп өттү.

МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!

Бизге берилген маалыматка таянсак, мелдештин 1-этабы айыл аймактар аралык 2020-жылдын 10-февралында тогуз айыл өкмөтүндө 36 мектеп арасында өткөрүлдү. Айыл аймагында жеңүүчү болгон командалар райондук этабына катышууга укук алышты.

МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!

Мелдештин 2-этабы 2020-жылдын 18-февралында Токтогул шаарындагы борбордук стадиондо Токтогул районунун прокуратурасы, райондук ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү, райондук аскер комиссариаты, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү,  райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектеби, райондук социалдык коргоо жана өнүктүрүү бөлүмү,  райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, райондук маданият бөлүмү жана Токтогул шаардык  мэриясы менен биргелешип уюштурулду.

МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!

Мелдешке келген жалпы окуучуларга стадиондо тигилген атайын талаа чатырынын ичинде аскерлер үчүн даярдалган түшкү “Талаа боткосу” нан, чайы менен берилди.

МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!

Жыйынтыгы калыстар тобунун протоколунун негизинде төмөндөгүдөй болду:

1-орунга 83 балл менен  Кетмен-Төбө айыл аймагына караштуу Турусбек атындагы орто мектеби; 2-орунга 79 балл менен Токтогул шаарындагы Токтогул атындагы орто мектеби; 3-орунга 73 балл менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ибраимов атындагы орто мектеби жана дагы бир 3-орунга 66 балл менен  А.Суеркулов айыл аймагына караштуу Жүндүбаев атындагы орто мектептери ээ болуп, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН!

Мелдештин жыйынтыгы менен 1-орунга ээ болгон Кетмен-Төбө айыл аймагына караштуу Турусбек атындагы орто мектеби Жалал-Абад шаарында өтүүчү этабына жөнөтүлдү.

Ал эми  Жалал-Абад облустук ИИБнүн демилгеси менен Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда  Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана  “23-фераль Ата Мекенди  коргоо күнүнө”  арналган “Карегимде Мекеним” аталыштагы аскердик жана спорттук “Зарница”  оюнунда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагына караштуу Турусбек атындагы орто мектебинин командасы катышып, 1-орунга ээ болушту.

Иш-чаранын облустук турунун жеңүүчүсү болгон Турусбек мектебинин командасына бир комплект компьютер, кубок жана грамоталар ыйгарылды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер