“МЕН ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙМ, СЕН ДАГЫ АНЫ САКТА”

  • 14.02.2019
  • 0
“МЕН ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙМ, СЕН ДАГЫ АНЫ САКТА”

Ушундай аталыштагы акцияны М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери өткөрүшүүдө. Бул жолку иш-чарага борбордогу №2 мектептин 4-классынын окуучулары жана «KEU Club» студенттик клубунун волонтерлору катышты. 

“МЕН ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙМ, СЕН ДАГЫ АНЫ САКТА”

Студенттер жана волонтерлор мектеп окуучуларына жолдо жүрүү жана  жолду кесип өтүү эрежелери тууралуу айтып беришип, балдарга үйүнөн баштап мектепке чейинки муршрутту түзүүгө жардам беришти.

КЭУда студенттердин жана волонтерлордун курамынан турган дружина түзүлгөн. Анын курамы «KEU Club» студенттик волонтерлук кулубунун мүчөлөрүнөн турат. Бул клуб жума сайын Бишкек шаарынын башталгыч класстарынын окуучулары менен  акцияларды өткөрүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Жакында эле ушундай эле акцияны №76 орто мектепте өткөрүшкөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер