МЕН ТААСИРЛЕНГЕН УСТАТЫМ – КАЛЫБЕК АГАЙ

  • 23.08.2021
  • 0

«Бирдики миңге, миңдики түмөнгө» деп коёт элибиз. Андыктан өмүр сүрүп жаткан ар бир инсан жашоодо жакшыларга жанашып, алардан жакшы сабак алып,  тирүүлүктө жакшы нерселерди үмүт кылып, ага жетүүнү тилеп, ошол эле учурда аракеттенип жашоого тийиш.

Айрыкча бизге окшогон жаштар эртеңки күнүбүзгө ишенимдүү карап, татыктуу жашоого аракеттенүүбүз керек.  Мен да башка курбуларым сыяктуу эле орто мектепти аяктаган соң келечегимди мугалимдик кесип менен байланыштырып, жаш муундарга билим берип, алардын да келечегинин жарык болушуна салым кошкум келди. Келечекте өз кесибин сүйгөн, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, ал аркылуу сый-урматка ээ болгон мугалим болгондугумду сыймыктануу менен элестетем жана ага ишенем. Анткени мени чыгаан мугалимдер окутуп, жан дүйнөмдү жакшылык, адамгерчилик, жөнөкөйлүк деген мыкты сапаттар менен азыктандырган. Алардын ар бир сабагы мен үчүн бүтпөс дастан. Айрыкча сүйүктүү мугалимим Урустемов Калыбек агайдын кызыктуу сабактары мени орус тили жана адабияты мугалими болууга себепкер болду. Агай мага чейин да бир топ шакирттерди тарбиялап, аларга мугалимдик кесиптин түмөн-түйшүгүн, ыйыктыгын, ардактуулугун жеткире алган. Калыбек агайдын сабактарында олтуруп, ушундай мыкты устатка окуучу болуп калгандыгыма абдан кубанам. Ошол эле учурда аны менен сыймыктанам. Мугалимимдин таасиринде мен да жаш муундарга билим-тарбия берүүнү өз алдыма максат кылып, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин орус тили жана адабияты факультетине тапшырдым. Мына быйыл экинчи курстамын.  Мен да Калыбек агай сыяктуу өз кесибимден кадыр-барк тапкан мугалим болсом деген аруу тилегим бар.  «Жаштын тилегин берет» дейт эмеспи элибиз, ылайым тилектерибиз кабыл болсун! Сөзүмдүн акырында Урустемов Калыбек агайга жана ал жетектеген Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектептин мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдирем.

 

Боронбаева Сезим, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин орус тили жана адабияты факультетинин 2-курсунун студенти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер