“МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” ДИЛБАЯН СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 19.01.2021
  • 0

Кыргызстандын бардык мектептеринин 9,10,11-класстарынын окуучулары арасындагы “МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.  Сыйлоо аземи 18-январда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде өттү. Иш-чарага Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева, ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев ж.б. катышты.

“МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” ДИЛБАЯН СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Сынактын жүрүшүндө окуучулар мугалимдин ролу, анын коомдогу орду тууралуу ой-толгоолорун жазышкан. Жалпы кыргыз, орус жана англис тилинде жазылган 1400гө жакын дилбаян келип түшкөн. Дилбаяндар атайын адистер тарабынан бааланып, жыйынтык чыгарылган.

Ал эми жеңүүчүлөргө ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана китептер тапшырылды.

Сынактын максаты – окуучулардын жазуу ишмердигиндеги көркөм ой жүгүртүү жөндөмүн арттырып, мугалимдик кесипке дилгирлентүү. Ошондой эле бул кесиптин коомдогу аброюн жогорулатууга салым кошуу болуп саналат.

Жеңүүчүлөр:

1-орун – Абдалбек кызы Чолпонай, Нарын облусу, Ак- Талаа районундагы   М.Базаркулов атындагы мектебинин окуучусу

2-орун – Фрунзебек кызы Айганыш , Жалал -Абад облусу, Токтогул районунун  №26 мектептин окуучусу

3-орун – Адисова Нургүл, Нарын облусунун. Ак- Талаа районунун С.Атамбеков атындагы мектебинин окуучусу

Кызыктыруучу сыйлыктар:

1) Ражапова Мээримгүл – Кара-Суу районунун, “Учар” орто мектебинин окуучусу

2) Татходжаева Нигора – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.М.Карбышев атындагы мектептин окуучусу

3) Кудабаева Эркайым – Ысык-Көл областы, Аден Истамбеков атындагы мектептин окуучусу

4) Жоломанова Аймырза – Нарын облусунун Ак – Талаа районунун М.Базаркулов атындагы мектебинин окуучусу

5) Янки Рейна – Бишкек шаарындагы №27 мектептин окуучусу

6) Алайчыева Асылзат –  Кара-Кулжа районунун Сайдилканов автордук гимназия мектебинин окуучусу

7) Омуров Джанболот – Ысык-Көл районунун К.Усенбеков атындагы мектебинин окуучусу

8) Расулова Рейна –  Кара- Суу районунун Чолпон атындагы мектебинин окуучусу

9) Халилова Жасмина – Баткен обл, Кызыл- Кыя шаарындагы №2 50жылдык мектебинин окуучусу

10) Нурматова Дилфуза – Кара-Суу районунун №15 Мирзажанов атындагы мектебинин окуучусу

11) Эсенканова Айдай – Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин студенти

12) Махмут кызы Бегайым – Ош шаарындагы  Жетиген мектеп-лицейинин окуучусу

13) Асекова Айгерим – Нарын районунудагы Баймоңол Кыязов мектебинин окуучусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер