“МЕН — МЕКЕН САКЧЫСЫ” КОНКУРСУ
- 20.02.2020
- 0
Кара-Көл шаарында 9-класстын окуучуларынын арасында 23-февраль “Мекенди коргоо күнүнө” арналган “Мен — Мекен сакчысы ” аттуу мелдеш өткөрүлдү.
Жаштардын мекенчил сезимин курчуткан бул иш-чарага шаар мэри И.М.Еркеев, шаардык Кенештин төрагасы Б.Н.Кыргызалиев, аскер комиссары , капита А.Э. Абдыгулов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева, Аскер бөлүмүнүн командири А.Ч. Турсунов жана шаардын мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты.
Шаардагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын “Шумкар”, Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинин “Ак кеме”, Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүүчү орто мектебинин “Десанттар”, Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин “Танкисттер”, Хуриев атындагы №5 орто мектебинин “Бүркүт” жана Темиров Туралы атындагы №6 орто мектебинин “Ак шумкар” командаларынын ортосунда кызуу таймаш өттү.
Патриоттук ырлар, куралды колдонуунун эрежелери, автоматты чачуу жана жыйноо, гира көтөрүү — бул күнкү мелдештин негизин түздү. Таймашта окуучулардын арасында 11 секунда ичинде автоматты чачкан окуучулар болду.
Бул таймашта “Ак кеме” менен “Десанттар” командасы 3-орунга , “Шумкарлар” командасы 2-орунга жана Шопоков атындагы №4 орто мектебинин “Танкисттер” командасы 149 упай менен биринчи орунга жетишти.
Мелдешке катышкан бардык командалар мэрия тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
А.Алибеков, “Кут Билим”
Комментарийлер