«МЕН – КЫРГЫЗСТАНДЫКМЫН ЖАНА АНЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ!» СЫНАГЫНЫН АЙМАКТЫК ТУРЛАРЫ ӨТҮҮДӨ

  • 10.04.2023
  • 0

Бишкекте май айында «Мен – кыргызстандыкмын жана аны менен сыймыктанам!» аттуу вокалисттердин, элдик бий аткаруучулардын, элдик аспаптарда кол ойноткон музыканттардын жана сүрөтчүлөрдүн аймактар аралык балдар сынагынын финалы өтөт.

«МЕН – КЫРГЫЗСТАНДЫКМЫН ЖАНА АНЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ!» СЫНАГЫНЫН АЙМАКТЫК ТУРЛАРЫ ӨТҮҮДӨ

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук каада-салт жөнүндө” Жарлыгын, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын аткаруу, таланттуу жаш аткаруучуларды жана сүрөтчүлөрдү аныктоо жана колдоо максатында уюштурулган.

27-мартта Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында аймактык турлар старт алды.

Сынактын негизги сыйлыгы — «Ысык-Көл досторду чогултат» атту жайкы эл аралык фестивалга катышуу.

Бөлүшүү

Комментарийлер