«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНДИГИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!”

  • 12.04.2021
  • 0

Быйылкы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун 35 жылдыгына арналган “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!” аттуу бешинчи аймактар аралык ыр, элдик жекече бий жана улуттук аспапта ойноо боюнча сынагынын Ош облустук турунда райондук сынактан жеңип чыккан 80ден ашык конкурсант катышты.

«Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык сынактын облустук туру 31-мартта район, шаарлардан тандалган таланттуу балдардын катышуусунда өттү. Атайын Жобонун негизинде өткөрүлгөн сынакта женүүчү деп табылган жалпы 80 окуучу келип, өнөрлөрүн тартуулашты. Сынак жаш курагы боюнча үч жанрда өтүп:  улуттук аспапта ойноо, элдик жекече бий, ыр жанры боюнча ат салышты.

—          Бул адатка айланган иш-чаранын негизги максаты — жөндөмдүү жана таланттуу жаш аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, балдар чыгармачылыгын таанытуу, жаш аткаруучулардын ортосундагы байланышты бекемдөө, маданияттуу жүрүм-турумдун маанилүүлүгүн улуттук деңгээлде көтөрүү, кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо, катышуучулардын өнөр таанымын өнүктүрүү, өзүнүн аткаруучулук жөндөмүн, көндүмдөрүн, кыялын жана жекелигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү, музыка мугалимдеринин тажрыйба алмашуу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. Сынакты жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү максатында “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун жетекчилөри келип катышып, мыктыларды тандоого көмөк көрсөтүштү, — дейт Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров.

Ошентип, төмөндө аты аталуучу тогуз окуучу облустук этапта 1-орунга татыктуу болуп, мугалимдери менен кошо облустук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан диплом жана белектер мөнөн сыйланышты. Ошондой элө ОГПИнин музыка факультетинин бюджеттик орунга үч бүтүрүүчүгө сертификат тапшырылды. Алар ыр жанры боюнча Алай районунун Т.Жумабаөв атындагы орто мектебинин окуучусу Сайдилла уулу Канат, Кара-Суу районунун Курманжан Датка орто мектебинин окуучусу Мирбек уулу Адилет жана Араван районунун Тулпар орто мектебинин окуучусу Бахтияр кызы Диана.

«Мен кыргызстандык экендигимө сыймыктанам!” аттуу бешинчи аймактар аралык ыр, элдик жекече бий жана улуттук аспапта ойноо боюнча сынагынын облустук турунун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү окуучулар аталды.

Ыр жанры боюнча: 7-11 жаш курактагылар арасынан 1-орунга Ноокат районунун Темир Коргон мектебинен Акбаев Миражидин;

Бий жанры боюнча: 7-11 жаш курактагылар арасынан 1-орун Өзгөн районунун М.Сулайманов мектебинен Иранова Сумая;

Улуттук аспапта ойноо боюнча: 7-11 жаш курактагылар арасынан Алай районунун С.Караев мектебинен Кылычбеков Эржан.

12-14 жаштагылар арасынан:

Ыр жанры боюнча 1-орун Абдумиталипов Элмурза, Кара-Кулжа районунун Терек-Суу мектебинен.

Ыр жанры боюнча 15-17    жаш курактагылар арасынан 1-орунга Алимбеков Нурислам, Өзгөн району М.Нурбаөв мектебинен.

Бий жанры боюнча 1-орун Курманбек уулу Илимбек, Кара-Суу районунан А.Кулботов мектебинен.

Улуттук аспапта ойноо боюнча 1-орун Акматова Алтынай, Алай району Курманжан датка мектебинен.

Рахманберди Назаровдун айтымында, жыл сайын өткөрүлүп жаткан өспүрүмдөрдүн сынагы быйыл бешинчи жолу өтүп жатат. Сынак райондук, облустук, рөспубликалык жана эл аралык деңгээлде өтүп, жыйынтыкталат. Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган таланттуу балдар Ысык-Көлдөгү “Барчын” балдардын эл аралык спорттук, ден соолук чыңдоочу комплөксине жылына акысыз эс алып кайтышаарын белгиледи.

Сынактын жабылышында рөспубликалык “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, билим берүүнүн мыктысы, сынактын калыстар тобунун төрайымы Замира Молдалиөва таланттуу окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге ыраазычылык билдируу менен      “Мен кыргызстандык экендигиме

сыймыктанам!” аттуу сынактын Ош облусунда жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлгөндүгүн жана жылдан жылга таланттуу окуучулардын саны көбөйүп жаткандыгын, ошону менен бирге эле 2022-окуу жылында башка облустарга үлгү катары өкүлдөр чакырыларын да баса белгилеп кетти.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер