МЕН АПАМДЫ ҮЛГҮ ТУТАМ!

  • 18.12.2017
  • 0

Редакция: Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен Билим берүү жана илим министрлиги бирге жарыялаган «Адеп – адамдын көркү» эссе жазуу сынагында баш байгени Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы орто мектептин окуучусу Айдай Тилебалдыева жеңип алды. Окуучунун эссесин окурмандарга тартуулайбыз.

Мен үлгү туткан адам… Мен үлгү туткан адам периште десем жаңылышпасам керек. Ал адамды мен ыңаалап жарык дүйнөгө келгенде көрбөсөм дагы, анын жанымда экенин жүрөгүм менен, жан дүйнөм менен туюп, билип турганмын. Ал адам – мени жарык дүйнөгө алып келип, чоңойтуп, мени ушул даражага жеткирип, менин калыптанышыма, адам болушума чоң себепкер болгон алтынга теңегис апакем.

Урматтуу окурман, сиз таңданып турсаңыз керек, ал эмнеге апасын үлгү тутат? Анын кандай эмгектери бар? Кандай баалуулугу бар? Анда, урматтуу окурман, мен ушул жөнүндө сизге айтып берейин. Анда сөз башынан болсун.

Менин апакем жыйырма жылдан бери балдар бөлүмүндө врач-педиатр болуп эмгектенет. Балдар бөлүмүндө иштеген соң, албетте, балдарга жумшак кайрылып, сүйүү менен мамиле кылуу керек. Апамдын ооруп калган балдарга кылган мамилесин көрүп, ичимден абдан кызганчумун. Апам эртеден кечке бизди багуу үчүн жумушта болор эле. Ушул балдарым ачка калбаса экен, ушул балдарым үшүп калбаса экен, элден кем калышпай, келечекте мага күйө турган, картайганда таянар тоом боло турган мээримдүү балдар болсо экен деп, ден соолугун, күчүн, өмүрүн, сүйүүсүн, мээримин бизге жана биздин айылдын элине арнады. Апам айылдагы элге кайрылып, наристелерди дарылап, элдин сүйүктүү, ары кадырлуу адамына айланган. Апам ден соолукту биринчи орунга койгон адам. Ар дайым мага: “Кызым, үшүп калбадыңбы? Бир жериң ооруган жокпу?”- деген сөздөрүн угуп, мага болгон чексиз сүйүүсүн, мээримин сезем.

Апам менин үлгү туткан адамым болушуна себепкер апамдын өзү сүйгөн, ары сүйүктүү, ары кызыктуу кесиби жана мага болгон чексиз сүйүүсү. Мен дагы келечекте эне болсом балдарыма апамдыкындай мээрим, сүйүү, камкордук бере аламбы деп абдан ойлоном жана кабатырланам. Мен дагы бир кесиптин ээси болуп, өз кесибимди сүйүп, ошол кесип аркылуу эл адамы болуп, элдин жүрөгүндө кала тургандай жөнөкөй адам боло аламбы? Бул ойлор мени түгөнбөс, чексиз ойлорго салганы салган.

Бирок таңданам, мээримди, сүйүүнү, эпчилдикти, бакытты кудайым апама ченебей эле берип салгандай. Апаке, менин сизге окшогон адам болушум мүмкүн, бирок сиздей боло албайм. Сиздин кесибиңизди жаныңыздай сүйгөнүңүз, элге кылган кызматыңыз, эмгегиңиз, мага болгон сүйүүңүз мени суктандырып, алдыга кадам ташташыма чоң жардам болот.

Апа, кээде сиздин ак баскан чачтарыңызды көрүп түйшөлөм. Чачтарыңыз дагы сиздин эмгегиңизди, түйшүгүңүздү сезип тургандай. Бул ак чачтар эмгектин, сүйүүнүн, камкордуктун, сабырдуулуктун белгиси, апаке.

Кээ бир адамдар айылдагы, шаардагы же көчөсүндөгү бир белгилүү, өзү каалаган адамды үлгү тутса, мен үчүн апамдан артык, апамдан кыйын, апамдан үлгүлүү адам бул жарык дүйнөдө жок. Апамды мен алтынга теңебейм, себеби ал да апама теңдеше албайт. Күн нурунун шооласындай чачырап, жанына келсең бейиш жыттанган, эмгекчил мен үчүн үлгүлүү да, сүйүктүү да адам. Келечекте апамдай үйдө мыкты кожойке, мээримдүү дарыгер, сүйүктүү апаке, элдин кадырлуу адамы болгум келет. Менин апамды бүт аалам үлгү тутса дагы болот, себеби ал бардык жакшы нерселерге татыктуу. Сыртымдан үн чыгарып: “Апа, мен сизди үлгү тутам!” деп айтпасам дагы, менин жүрөгүмдөгү, сезимимдеги, жан дүйнөмдөгү үлгүлүү адам түбөлүккө сиз болосуз. Мен сизди үлгү тутам! Мен сизди жашоомдогу эң сүйүктүү, жанымды берүүгө татыктуу адам катары үлгү тутам!

… Мен сизди үлгү тутам.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер