МЕМОРИАЛДЫК ТАКТА ӨЗ ОРДУН ТАПТЫ
- 14.06.2018
- 0
1941-жылы Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектептин базасында II даражадагы Суворов орденинин Кызыл Туу Померан аткычтар дивизиясы жайгашкан. Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата бул мектептин аянтчасына 40-дивизияга арналган мемориалдык такта орнотулду. Тактаны орнотууга кыргыз-татар достук жана кызматташтык коомунун президенти Хабибулла Газизов үй-бүлөсү менен демөөрчүлүк кылды.
Бул салтанатка Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчисинин кеңешчиси Вадим Чекмазов, Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчиси Комил Рашидов, Белоруссиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчисинин кеңешчиси Сергей Иванов, Кыргызстандын жана Россиянын Баатыры, космонавт Салижан Шарипов, 1-Май райондук администрациянын акими Токтосун Султанов, согуш жана орук ардагерлери ж.б. катышты.
Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчисинин кеңешчиси Вадим Чекмазовдун айтымында, айрым мамлекеттерде “Улуу Жеңишти” жана экинчи дүйнөлүк согушта катышкандарды жаманатты кылууга аракет жасалып жатат.
- Бул мамлекеттерде согуш кылмышкерлеринин кадырын көтөрүп, согушта каза болгон жоокерлердин көрүстөндөрүн, аларга арналган эстеликтерди кордоп, бузуп жатышат. Баатырларды эскерүү үчүн мемориалдык тактаны ачып жатканыңар абдан маанилүү, — деди элчинин кеңешчиси.
Салтанаттын дагы бир ардактуу коногу, Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов, кайсы бир мезгилде ааламдагы бардык адамдар тынчтыкта жана биргеликте жашашат деген үмүтүн билдириди.
- Кыргызстан гүлдөп, өнүксүн. КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы достук мындан да бекем болушун каалайм, — деди С.Шарипов.
№24 мектептин окуучулары конокторго концерттик программасын, ошондой эле салтка айланган солдат боткосун тартуулашты. Иш-чараны өткөрүүгө Кыргызстандагы “Жеңиштин мураскерлери” эл аралык кеңешинин өкүлчүлүгү каржылык жактан колдоо көрсөтүштү.
Калбүбү Менсеитова, Ленин райондук муниципалдык аймактык тарых музейинин директору, Бишкек шаарындагы согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын, оруктун ардагерлер кеңешинде шаардагы эстеликтерди коргоо боюнча төрайымы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ардактуу ардагер:
- Шаар ичиндеги көптөгөн мемориалдык такталарды кайрадан илдирип баштадык. Анткени согуш майданында жарадар болуп келген жоокерлерди эшалон менен ал кездеги Фрунзе шаарына алып келинген. Мисалы, №№4178, 292, 2018 деген, т.а. отузга жакын эвакуацияланган госпиталдар Кыргызстанга жөнөтүлүп, алардын ичинен жыйырма беши Фрунзе шаарында, Кант районунда, Воронцовкада, азыркы резиденциянын ичинде ж.б.у.с. жерлерде жайгашкан. Андан тышкары ошол кездеги М.В.Фрунзе атындагы педагогикалык институттун (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун) базасында №4178 эң негизги чоң госпиталь жайгашып, кийин аны ар кайсы жерге бөлүп жиберишкен. Госпиталь болгон учурда окуп жаткан студенттер Караколго жиберилиптир. Биз ошолордун баардыгын изилдеп чыктык. Кызыл-Кыяда, Жалал-Абаддын курортунда, Ош шаарында, Кара-Сууда дагы госпиталдар жайгашкан экен. Кийин поляктар да эвакуацияланып келген.
Бишкек шаарындагы Архитектура жана курулуш колледжинин базасында да учкучтардын госпиталы болуптур. Бул окуу жайда илинип турган такта жоголуп кеткен. Андыктан биз окуу жайдын директоруна кат менен кайрылып, алар өткөн жылы мемориалдык тактаны кайрадан жасап, тагышты. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата КУУга эвакуацияланган госпиталь жайгашкан деген тактаны 4-майда илдирдик. Мурдагы айыл чарба техникуму, азыркы тез жардам жайгашкан имаратта согуш мезгилинде онкология бейтапканасы болгон экен. Ал жерге да №4178 эвакуацияланган госпиталь жайгашыптыр. Бул имаратка дагы такта илдирттик. Тактаны илдирүүгө акча табыш кыйын экен. Тендерди 30000-50000 деп жарыяласа, эч ким келбей койду. Тез жардамда иштеген кызматкерлердин каражатына такта 12-июлда илинди. И.Арабаев атындагы КМУнун базасында да госпиталь жайгашкан. Үч жылдан бери жетекчилеринин артынан жүрөм, жылда эле илебиз деп, эмдигиче илише элек. Тарыхты биз муундан муунга жеткиришибиз керек.
Ар бир госпиталда жаткан жарадар жоокерлерге ошол кездеги студенттер, окуучулар, Тимур командалары келип, жардам беришкен. Үйлөрүнөн айран, сүт ташып, китеп окуп беришкен учурлары болгонун апам айтып берди эле. Жоокерлердин үйлөрүнө кат жазып да беришкенин унутпашыбыз керек. Буттарын, колдорун кестирген жоокерлер кийин Фрунзеде биротоло отурукташып калышкан. М.В.Фрунзе атындагы пединституттун окутуучулары, профессорлору келип, жоокерлерге сабак беришкен учурлары болуптур. Кийин алар билимине жараша иштеп калышкан.
Быйылкы Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектепте Померанск дивизиясына арналган мемориалдык такта орнотулду. Кыргыз-татар достук жана кызматташтык коомунун президенти Хабибулла Газизов үй-бүлөсү менен демөөрчүлүк кылды. Башка окуу жайларда илинген такталардан бул мемориалдык такта өзгөчө жасалгаланды, ачылышы дагы жогорку деңгээлде өттү. №24 мектептин директору Анара Абдураимова абдан тың, адамгерчилиги бийик инсан экенине күбө болдук. Ар бир класс ардагерлерге деп пакет даярдашыптыр. Концерттерин тартуулашты. Бизди гүл менен тосуп алып, гүл менен узатышты. Демек, бул мектепте таалим-тарбия жогорку деңгээлде экени тастыкталды.
Хабибулла Газизов, президент кыргызско-татарского общества дружбы и сотрудничества:
—С ветеранами войны я дружу лет 15. Приглашаю их на все мероприятия, которые я провожу в городских школах №13, 70, 24, 17. Последние лет пять, я постоянно провожу все мероприятия в СШ №24, потому что Анара Абдураимова — креативный директор. Она с удовольствием воспринимает все предложения. Идет нам навстречу. Она также принимает активное участие в мероприятиях, особенно вся, что касается чествования ветеранов и участников войны.
Мы ежегодно в течение четырех лет в стенах 24-ой школы подводим итоги конкурса “Здравствуй, Россия!”, с участием Министерства образования и науки, Национальной академии, КРСУ, и как организаторы-финансисты этого мероприятия Кыргызско-татарское общество дружбы и сотрудничества.
Конкурсы “Этих дней не смолкнет слава” проводим каждый год обычно перед 9-маем. А “Здравствуй, Россия!” в преддверии дня России – 12-июня. К нам не первый раз приезжает наш первый, и пока единственный космонавт, Герой Кыргызстана и России Салижан Шарипов. С ним у нас очень тесные, дружеские отношения. Он с огромным пониманием относится ко всему тому, что связано с Великой отечественной войной. При возможности всегда приезжает, принимает участие в награждении детей. Для детей это очень приятно, это же памятное событие, когда вручает награды первый космонавт Кыргызстана, или когда вручает известный академик В.Плоских.
Годы Великой отечественной войны — это годы тяжелых испытаний и для нашей страны. Она оставила множество шрамов в душах людей, как прошедших через нее, так и родившихся после. Нет семьи, которая не потеряла бы мужа, брата, сына. Они отдавали свои жизни за нас, за то, чтобы мы жили. Какая же огромная ответственность лежит на каждом из нас перед ними. Вечная память и благодарность павшим — это не только цветы на могилах, красивые речи на праздниках в их честь, это прежде всего стремление каждого из нас стать лучше.
Кыргызстан во время войны принимал очень серьезное участие. Порядка 370 тысяч кыргызстанцев ушли на войну, из них половина пали в боях сражения. Кыргызстан не только отправлял своих сыновей, но и материально помогал, также принимал блокадников Ленинграда, людей эвакуированных с различных городов, сел, окуппированых немецко-фашистскими захватчиками.
Чтобы увековечить память о войне и восстановить мемориальную доску в стенах школы №24, Калбубу Менсеитова попросила меня найти спонсоров. Но, посоветовавшись в семье, приняли решение самим профинансировать данный проект, увековечить событие имевшее место в годы Великой отечественной войны.
Сам занимался не только эскизом, но и практической реализацией. Вроде бы получилось неплохо. На белой стене установлены черные плиты-габро с надписями на государственной и официальном языках. С внешней стороны, на доске написано, что в здании школы в 1941 году размещался штаб будущей Померанской Краснознаменной ордена Суворовской 2 степени стрелковой дивизии, а с внутренней стороны для школьных мероприятий мы установили две плиты: на первой надпись Великая Отечественная война 1941-1945 гг., а на второй – “Никто не забыто, ничто не забыто”. Т.е. чтобы дети видели это, и все школьные мероприятия начались с возложения цветов и поминание всех тех, кто ушел на фронт. Надо воспитывать у учащихся уважительное отношение к памяти павших в боях за Родину.
Кстати, недавно в Москве прошло заседание Президиума Координационного совета Международного союза ветеранов СНГ, и утверждался план работы по подготовке к 75-летию Победы над фашизмом. Председатель ознакомил всех нас с Указом Президента России В.В.Путина от 9 мая сего года о подготовке к юбилею, достойной его встрече, и поручил оргкомитету “Победа” заняться координацией всех федеральных органов власти для того, чтобы все это было на высоком уровне, при чем согласовав эту работу с главами правительств и государств входящих в СНГ, ОДБК и ШОС. И буквально на следующий день был международный молодежный форум “Наследники Победы”, где тоже обсуждались эти вопросы, и в частности вопросов связанных с фальсификацией истории. Почему? Потому что в последнее время в средствах массовой информации на западе идет оживленная работа, якобы Победу во Второй мировой войне одержали США, а Советский Союз отодвигают на второй план. Хотя в 1945 году все понимали, что Германию победил Советский Союз. Мы сегодня проигрываем информационную войну. Поэтому мы должны говорить о детях войны, о ветеранах тыла, об узниках, обо всех надо говорить и эта работа должна стать постоянной. Мало того, на мой взгляд, нужно подготовить и выпустить единое для всех учебное пособие по истории Великой отечественной войне с участием представителей всех бывших союзных республик, некогда входивших в состав СССР.
Гулнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер