МЕЛИСБЕК МУЗУЛМАНОВ КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ КЫЗМАТЫНА КЕЛДИ

  • 03.08.2023
  • 0

Педагогика илимдеринин кандидаты, республикалык «Мыкты мугалим» конкурсунун баш байге ээси, мыкты жетекчи, жаратман мугалим Мелисбек Музулманов КРдин Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп дайындалды.Буйрукка министр К.Иманалиев кол койгон.

МЕЛИСБЕК МУЗУЛМАНОВ КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ КЫЗМАТЫНА КЕЛДИ

Талыкпаган эмгеги, изденгич аракети менен көп ийгиликтерге жетти.

Ыраматылык Каныбек Исаков өсө турган, келечеги бар жигит деп аны ОшМУнун «Ыйман» лицейине директорлукка алып келген. Анын ишеничин актады. Андан соң Оштогу Кыргыз-Түрк достугу мектебин да бир топ бийиктикке көтөргөн. Ноокаттагы «Билимкана» мектеп-гимназиясын республикадагы алдыңкы мектепке айландыра алды.

Куттуктайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,

Улукбек ОМОКЕЕВ,  КММИУнун пресс-катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер