МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ БИЛИМ УЯСЫНА БЕЛЕКТЕРДИ ТАПШЫРДЫ

  • 16.10.2018
  • 0

«Эмаком» курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Жусупов өзү төрөлүп өскөн Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Жал айылында жайгашкан Т.Бекиев атындагы мектептин окуучуларынын билим деңгээли менен таанышты.

МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ БИЛИМ УЯСЫНА БЕЛЕКТЕРДИ ТАПШЫРДЫ

13-октябрдагы жолугушууда Президенттин жарлыгы менен жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мектепке окуу куралдарын, түстүү сыналгы, DVD, акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле мыкты мугалимдер менен алдыңкы окуучуларды компаниянын ардак грамотасы менен сыйлады.

МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ БИЛИМ УЯСЫНА БЕЛЕКТЕРДИ ТАПШЫРДЫ

Аталган мектепти Эмилбек Жусупов 2008-жылы аяктаган. Мектептин жаңы имараты 2012-жылы курулуп, пайдаланууга берилген болчу.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер