МЕКТЕПТИН АЛДЫНДА АМАН АЙТПАЕВДИН АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ
- 18.10.2021
- 0
Ак-Суу районундагы Аман Айтпаев атындагы мектептин алдында билим берүүгө зор салым кошкон коомдук ишмер Аман атанын айкели үй-бүлөсү тарабынан тургузулду.
Бул иш-чарага арналган аземге облустук, райондук жетекчилер, айыл аксакалдары, мектеп жамааты катышты. Ачылыш аземине Аман атабыздын уул-кыздары куру келбестен 60000 сом сыйлыкты билим берүүнүн алдыңкы окуучуларына, мыкты мугалимдерге стипендия катары тапшырып, ошондой эле китептерди белекке беришти.
Бул иш-чара тууралуу гезитибиздин кийинки санында кененирээк беребиз.
Гүлнара Алыбаева, “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер