МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

  • 19.02.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” жарлыгынын алкагында өлкө аймагындагы бардык тармактар жандуу иш-аракеттерди башташты. Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи да санариптештирүүнүн алгачкы саамалактарын баштап, “Коопсуз мектеп” долбоорун ишке ашырып жатат. Алардын айрымдарын тажрыйба катары бөлүшүүнү туура таптык.

МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жетиген” мектеп-лицейинде учурда бир мөөнөттө 764 окуучу билим алууда. Узартылган күн тайпалары жана кошумча билим берүү кызматтары бар.

  • Мектеп төмөндөгүдөй санариптештирүү кадамдарын жасаган: ар бир каанага интреактивдүү такта, проектр орнотулган; мугалимдер сабак учурунда онлайн материалдарды пайдалануусу үчүн интернет (вайфай) менен туташтырылган; ар бир мугалим ноутбук менен камсыз болгон; ар бир каанага видеокамера, үн күчөткүч (колонка), микрофон орнотулган. Ар бир сабак, мугалимдин, окуучунун кыймылы менен үндөрү жазылып турат. Булардын баарын бириктирген система окуу бөлүмүнүн башчысынын каанасына жайгаштырылган. Мугалимдердин ачык сабактары жазылып алынып, атайын мектептин фондунда сакталуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан сырткары балдарынын сабакка катышуусун байкоо үчүн келген ата-энелер да, сабакка тоскоол болбой, баласын да ыңгайсыз кылбай ошол каанада отуруп камерадан карап отурганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Автоматтык түрдө ар бир сабактан кийин кирүү жана чыгуу коңгуроолору кыргыз күүлөрү аркылуу жаңырып “Урматтуу мугалимдер, сабак башталды”, “Урматтуу окуучулар, сабагыңар көңүлдүү болсун” деген үндөр коштолуп турат, — дейт мектептин директору, филология илимдеринин кандидаты Кыялбек Акматов.
  • МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

“Жетиген” мектеп-лицейи ачылгандан тарта мектеп жетекчиси, жамаат жалаң жаңылануунун үстүндө иштеп келатат. Креативдүү директор Кыялбек Акматов буга чейин эле окуучулардын келүү жана кетүү учурларын каттоого алып, электрондук форматка өткөргөн.

  • Ар бир окуучунун атайын штрих коду бар. Балдар каттоодон өтөөрү менен дароо канча окуучу келди, канча окуучу келбегендигинин жыйынтыгы чыгат. Келбеген окуучуларды дароо принтерден кагазга чыгарып алып, класс жетекчилерге беребиз. Ата-энелер менен кабарлашып эмнеге келбегендигин дароо такташат. Мындан тышкары электрондук журнал, электрондук күндөлүк да ушул система менен бирге иштейт. Мугалимдер, ата-энелер bal.kg тиркемесин жүктөп алышкан. Сабак учурунда окуучунун жетишкендигин дароо баалап турат, ал тиркеме аркылуу ата-энеге ошол учурда эле көрүнөт. Бул тиркеме аркылуу ата-энелер балдарынын мектепке канчада киргендигин, канчада чыккандыгын, кайсы предметтерден канча баа алгандыгын, комментарийлер менен  үйдө отуруп эле көрүп турушат.  Ар бир чейрек сайын бардык предметтерден окуучулар атайын программанын негизинде компьютерден билимдерин текшергенден кийин мониторинги чыгарылып турат, — дейт директор.
  • МЕКТЕПТИ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

“Жетиген” мектеп-лицейинде жалпысынан 42 камера, 21 интерактивдүү такта, 24 проектор бар.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер