МЕКТЕПТИ САГЫНГАН ОКУУЧУ, ОКУУЧУНУ САГЫНГАН МУГАЛИМ

  • 21.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 18-январынан тарта Бишкек шаарындагы бардык мектептердин 1-, 5-, 9-, 11-класстардын окуучулары салттуу режимде окуй баштады. Борбор калаадагы А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиядагы окуу процессинин жүрүшү, санитардык-гигиеналык норманын cакталышы, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин маанайы менен жеринде барып, таанышып келдик.

МЕКТЕПТИ САГЫНГАН ОКУУЧУ, ОКУУЧУНУ САГЫНГАН МУГАЛИМ

Онлайндан оффлайнга

№24 мектеп-гимназиянын директору Анара Абдураимованын берген маалыматына таянсак, мектепте бардыгы 3100 окуучу окуйт. Бүгүнкү күндө 600дөн ашык окуучу мектепке келип билим ала баштады.

— 18-январдан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу боюнча 1-, 5-, 9-, 11-класстын окуучулары оффлайн форматында окуп жатышат. Колдон келишинче жакшы даярдыктарды көргөнгө аракет жасадык. Санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу баардык эрежелерди сактап, балдар ооруп калбасын деп чараларды көрдүк. Окуучулар сөзсүз беткап кийип сабакка киришет, — дейт мектеп жетекчиси.

Тоннель аппараты аркылуу дезинфекциялоо

МЕКТЕПТИ САГЫНГАН ОКУУЧУ, ОКУУЧУНУ САГЫНГАН МУГАЛИМ

Мугалимдер, окуучулар, ата-энелер мектепке дезинфекциялоочу тоннель аркылуу кирет. Ага кирер замат бир жагынан буу чачса, экинчи жагынан кварц күйүп, башыңан бутуңа чейин дезинфекциялайт. Ошол эле жерде кирген адамдын дене табын текшерчү дистанттык, электрондук термометр жайгаштырылган. Андан кийин бутка бахилла кийген соң гана мектептин ичине кирүүгө болот. Баса, тоннелдин ичинде жана чыккан жерде бутту дезинфекциялаган чакан поликтер салынган. Айтмакчы, мындай заманбап дезинфекциялоо аппарат жалгыз эле ушул мектепте орнотулган экен.

МЕКТЕПТИ САГЫНГАН ОКУУЧУ, ОКУУЧУНУ САГЫНГАН МУГАЛИМ

— Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мектепте Камкорчулар кеңеши иштейт. Экинчи чейректе окуп калабызбы деген үмүт менен  балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында мектептин кире беришине тоннель аппаратын коюп берүү боюнча ата-энелерге кайрылып, арыз жазгам. Камкорчулар кеңеши менин арызымды карап көрүп, 58000 сомго тоннель, 3000 сомго дистанттык, электрондук термометр жана бир нече кварц лампалары менен камсыздашты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, баардык ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Аппараттын ичинде эки-үч жылга жетчү суюктук (раствор) бар экен. Буттун алдына салынган поликтерге өзүнчө суюктуктар куюлат. Мамлекет тарабынан бутту дезинфекциялоочу поликтер, керектүү суюктуктар, беткаптар берилген, — дейт жетекчи.

Албетте, мындай аппараттарды коюу бир топ эле ыңгайлуу экен. Анткени окуучулар мектепке кирерде аралыкты сакташат, андан соң колдорун дезинфекциялаганга да убакыт кетет. Бул жерде адам баласы жасачу иштерди аппарат гана аткарып коет.

— Кечээ 600дөн ашык окуучу сабакка келип, окуп кетишти. Бүгүн ата-энелерден балдарыбыздын көзү кызарды же тамагы кычышты, аллергиялык симптомдор  байкалды деген арыз түшкөн жок. Бул аппаратты сатып алып жатканда дагы аябай изилдеп,  кандай суюктук (раствор) куюлат, ичинде эмне бар экенин тактап туруп, сатып алганбыз. Анткени окуучулар арасында оорулуу, аллергиясы барлар жок эмес.  Дезинфекциялоодо таза спирт себилет, эч кандай аллергия болбойт, — дейт А.Абдураимова.

МЕКТЕПТИ САГЫНГАН ОКУУЧУ, ОКУУЧУНУ САГЫНГАН МУГАЛИМ

Мындан сырткары он минуталык танапис учурунда класстар желдетилип, андан кийин кварц лампалары менен коридор, класстар дезинфекцияланат.

Окуу процесси кандай жүрүп жатат?

№24 мектеп-гимназияда балдар эки сменде окутулуп жатат. Класстар эки топко  бөлүнгөн. Ошондуктан биринчи сменде мугалим эки жолу бир эле класска кирип, сабак өтүп жатат. Балдар шахмат түрүндө, маскачан отурушат. Ар биринин партасынын үстүндө сантизайнер турат.

МЕКТЕПТИ САГЫНГАН ОКУУЧУ, ОКУУЧУНУ САГЫНГАН МУГАЛИМ

20 мүнөттүк сабакта мугалим болгону жаңы теманы түшүндүрүп,  3-4 суроо бергенге гана үлгүрөт экен.

— 20 минутадан окушат, 10 минута танапис.  Мугалимдер жаңы эрежеге көнүп жатышат. Болгону жаңы теманы түшүндүрүп, бышыктап, анан 3-4 суроо бергенге гана жетишүүдө. Ар бир мугалим ар кандай ыкмаларды пайдаланып, сабак өтүшүүдө. Теманы бышыктаганда тест аркылуу сурап жатышат, анткени ага көп деле убакыт кетпейт. Түшүнбөй калгандар менен кечинде онлайн форматында кайра мугалимдер иштеп жатышат. Айрым мугалимдер сабактан кийин 5-10 окуучуга чейин консультация берүүдө. Карантин учурунда деле ушундай нукта окутканбыз. Мен мугалим катары айтсам, мугалимдер, окуучулар үчүн абдан оор. Ушул өтүлгөн курстарды кайра кайталап окутуу керек. Анткени кээ бир окуучу жети күн келбей калса эле темадан калып калат. Бирин аткарса, экинчиси калып кетет. Ошон үчүн быйыл балдар кандай экзамен берет, кантип берет деп түйшөлүп жаткан чагыбыз.  Республикалык, эл аралык олимпиадаларга катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтчү элек. Эми билбейм, кандай болот? Мисалы, 20 баланын ичинен сөзсүз тогуз окуучуну мугалим сабак учурунда сураш керек. Эгерде тогуз бала суралбаса, мугалимдин профессионалдык ишмердүүлүгү начар деп анализ жасайм, — дейт мектеп директору.

Мектепти сагынган окуучулар

Класстарды кыдырып, сабактардын кандай нукта өтүп жатканы менен да тааныштык. 11 «г» класста кыргыз тили сабагында алты окуучу отуруптур. Негизинен бул сабак эки топко бөлүнөт экен. Класста 35 бала болсо, анын жарымы 18. Кайра  эки топко бөлүнгөндө тогуз бала отурушу керек эле. Көрсө, бир окуучу пандемия учурунда Түштүк Кореяга ата-энесине чыгып кетип, онлайн форматында окуп атыптыр. Дагы бирөө Россиядагы ата-энесине кеткен, ал дагы онлайн форматында окуйт экен. Дагы бирөө ооруп калган.

 

Ушул класстын окуучусу Марат уулу Уландын айтуусунда, онлайн окутуу сапаттуу билим бербейт.

— Мектепти, мугалимдерди, классташтарды аябай сагындык. Сабакка майрамга келгендей эле келдик. Жаман жери 20 мүнөттө жаңы теманы түшүнүп, кайра суроолорго жооп бериш керек болуп атат. Бул убакыт дегеле жетишпейт экен. Тапшырмаларды дептерлерге жазып келип атабыз. Мугалимдердин оор эмгегин эми түшүндүк. Мугалимдерге сый-урматыбыз мурдагыдан да абдан күчөдү, — дейт бүтүрүүчү.

Сактыкта кордук жок

Эмне бар, эмне жок дегендей, эгерде окуучу ооруп калса, ал кайдан, кимден жугузду деп издеп жүрбөй, мектеп администрациясы мугалимдер менен сүйлөшүп, арзан баада КОВИД -19 оорусуна тест-анализ тапшырышкан.

— Мектепте 118 мугалим иштейт. Көбүнчөсү өз жолдору менен тесттен өтүшүптүр. Өтпөй калган 85 мугалим райондук санэпидстанция менен сүйлөшүп, арзан баада анализ беришти. Баарында эле вирус жок экен, айрымдары ооруп бүткөндөн кийин, иммунитети көтөрүлгөнүн тестте көрсөтүлүп турат. Бул анализ 1500 сом турат экен. Санэпидстанция  менен сүйлөшүп,  мугалимдерге 50% арзандатып беришти, — дейт Анара Хабибовна.

Онлайн эмне берди?

— Карантин маалында 5-6 бала келип, смендеп окуп турушту. Мугалимдер эртеден кечке мектепте иштеп жатышты. Анткени бирөөнүн үйүндө интернет бар, экинчисинде жок. Же болбосо, телефондору акыркы моделдеги айфон эмес.  Ошондуктан мектепке келип, иштешти. Себеби мектепте ар бир бурчта интернет бар. 2018-жылды экс-президент «Санариптештирүү жылы» дегенде эле бир топ иштерди баштаганбыз. Электрондук күндөлүк деп киргизген элек. Ошол платформа онлайн-сабакта аябай жардам берди. Маселен, кыргыз тили мугалими сабакка кирип, өзүнүн баракчасын ачканда эле канча бала сабакта отурганы, ким кимге кандай суроо берип жатканы, кандай баа коюлганы ж.б.у.с. көрүнүп турат. Негизи онлайн окуйбуз деп түшүбүзгө деле кирген жок да, көп нерсеге даяр эмес экенбиз. Бирок онлайн-сабактарды өздөштүрүп, бир топ платформа менен иштегенди үйрөндүк, — дейт директор.

Онлайн башталганда эле ата-энелерди, окуучуларды мугалимдер мектепке чакырып, WathsApp менен иштөөнү үйрөтүшүптүр.  Эч нерсе түшүнбөйбүз деген ата-энелер да көп болгонун мугалимдер айтышты.
— Жумуштан кеч келген ата-энелер балдары менен отуруп, тапшырмаларды түнкү саат 2-3 чейин аткарып жатышты. Айрым балдардын ден соолугуна телефон терс таасир берген үчүн алар мектепке келип окушту. Окуучулардын  90% сабакка катышып жатышты, — дейт жетекчи.

МЕКТЕПТИ САГЫНГАН ОКУУЧУ, ОКУУЧУНУ САГЫНГАН МУГАЛИМ

Мугалимдер окуучуларын аябай сагынганын жашырышкан жок. Онлайн учурунда өздөрү чуркап барып, борду алып, доскадан түшүндүргүлөрү келгенин айтышты.

— Мугалим деген кесипти тандап алгандан кийин ар бир педагог өз милдетине так жана жоопкерчиликтүү карашы керек. Биздин мектепте чыныгы кесипкөй мугалимдер иштешет. Эгер кирди-чыкты иштесеңер, анда мектепке келбей эле койгула деп айтам. Мугалим өзүнүн милдетин аткарышы зарыл, — дейт А.Абдураимова.

Пандемия көп нерсени өзгөрттү. Бардык оорчулукка карабай билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси мектептин милдети экенин унутпашыбыз керек. Биздин мектептер мезгил менен адымдаш гана болбостон, доордон жарым кадам алдыга  жүрүүгө тийиш. Ошондо гана мектеп баланы азыркы мезгилдин талаптарына шайкеш келген ачык-айрым, шайдоот инсан кылып тарбиялай алат. Мындай зор милдетти жаңыча ойлонуп, жаңыча иштей билген мугалим, жетекчи гана аткара алаары бышык.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

P.S.: 2021-жылдын 12-январына карата республика боюнча жалпы 2100 мектеп окутууну реалдуу режимде жүргүзүп жатат. Мектептердин ишин жандандырууда локалдуу мамиле жасалып, ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынып жатканын жетекчилер айтышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер