МЕКТЕПТИ ЧЫРМАГАН ЧЫРДЫН ЧЫНДЫГЫ

  • 07.10.2019
  • 0
МЕКТЕПТИ ЧЫРМАГАН ЧЫРДЫН ЧЫНДЫГЫ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектеп директорлоруна жана мугалимдерине окуучулардан акча каражаттарын чогултууга тыюу салган буйругун чыгарды. Буйрукта маданий-массалык жана башка иш-чараларга да мыйзамсыз акча-каражаттарын педагогдордун талап кылбашы керектиги жазылган. Мындан сырткары ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогдордун жана административдик кызматкерлердин катышуусуна жол берилбейт.

МЕКТЕПТИ ЧЫРМАГАН ЧЫРДЫН ЧЫНДЫГЫ

Катаал чаралар

Мектептеги чыры бүтпөй келаткан акча чогултуу маселеси жаңы окуу жылында кайрадан жаңы күч менен көтөрүлдү. Ата-энелердин алды Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыкты, айрымдары жаңы министрге даттанып келишти.

МЕКТЕПТИ ЧЫРМАГАН ЧЫРДЫН ЧЫНДЫГЫ

Каныбек Исаков нааразылыкты басуу үчүн мыйзам чегиндеги өзүнүн күчү жеткен катаал чараларын көрүп баштады. Мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууну токтотуу максатында мугалимдердин, жетекчилердин, ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, “ыкчам байланыш” телефон линияларын жана “ишеним үкөктөрүн” уюштуруу жөнүндө  тапшырмаларды берди. Бул буйрук ар бир мектепте ар бир мугалимге жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.

Эгерде мыйзамсыз каражат топтоо же ата-энелерге моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, директор же мугалим дароо кызматынан алынары эскертилди.

Ошондой эле “класстык копилка” деген акча жыйноого да тыюу салынды.

“Ата-энелер директор, завуч, мугалим бизди мажбурлап жатышат дегенинен биз такталган буйрукту чыгардык. Мектеп директору, завучу, класс жетекчиси акча сураганга катуу тыюу салынат. Ата-эне мектепке жардамын өз каалоосу менен берсин. Ырас, Баш мыйзамдын 45-беренесинде жазылып турат, “… Кыргызстанда 9-класска чейин билим берүү бекер” деп. Бирок анда мазмуну жазылган жок. Анын ичинде баланын тамагы, ийримдерге катышуусу бар. Акча төлөбөй туруп балам тамак ичсин, ийримге катышсын деген болбойт. Мамлекет бир стакан сүт, бир пирожки берип атат. Бүгүн ата-энелер өз каалоолору менен ысык тамакка өтүшүүдө. Камкорчулар кеңешине анда акча бербегиле десек, ата-энелер кайра өздөрү мектептин тазалыгына, күзөтчүгө төлөйлү деп жатышат. Акча бар жерде мугалимдер, жетекчилер аралашпасын деген тыюу салдык. Менимче, бүгүнкү күндө мектепке мүмкүнчүлүк болсо жардам бериш керек, — дейт министрликтин мектепти караган башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев.

Ата-энесиз бүтпөгөн иштер 

Бишкектеги №85 мектептин директору  Мурат Жумалиевдин айтымында, мамлекеттик казынадан мугалимдердин эмгек акысы, коммуналдык кызматка жана ремонтко гана каражат бөлүнөт. Ал эми мектептеги тазалыкты сактоо, күзөтчүлөрдү кармоо ж.б.у.с. нерселер жалаң ата-энелердин колдоосу менен бүткөрүлөт.

Чындыгында эле КРнын “Камкордук кеңеш жөнүндө”, КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарында мамлекеттик билим берүү мекемелеринин бюджеттен тышкары каражат

табуусуна мыйзамдык жол ачылган. Ошондуктан, биринчи кезекте шаардагы мектептерде  ата-энелердин фондун уюштуруу аркылуу мектептин ар кандай муктаждыктарына, ремонтко, күзөткө, класстык фондго ж.б.у.с. деп каражат чогултуу адатка айланып калды.

Бишкектеги мектептерде ар бир окуучудан ай сайын 200 сомдон 500 сомго чейин чогултушат, ошондо окуу жылынын аягына чейин эки миңден беш миң сомго чейин чыгып кетип жатат.

“Мектептик фонд деп 1500 сомдон, класстык фонд деп 500 сом жылына чогултулат, — дейт  Үсөн Калмаматов, Бишкектеги №42 мектептеги окуучунун атасы. — Пол жууган кызматкерге 300, күзөткө 300, боор, тряпка ж.б.у.с. бар. Ата-энелер чогулуп, директорго кирсек, ал жок экен, завучу кабыл алды. “Чогулган каражат боюнча эмне үчүн отчет бербейсиңер?” десек, “биз силерге отчет бербейбиз, анткени акча топто деп айткан жокпуз. Акча топтоп жаткан ата-энелер комитетине кайрылгыла”, деди. Ата-энелер комитетинен бир жылдык отчетту бергиле,  мектепке эмне жасадыңар, эмнени оңдодуңар деген суроолорго комитеттин башчысы жооп бералбай койду. Ата-энелердин кошкон каражаттары көзөмөлдөнүп турушу керек мамлекет тарабынан. Мектеп жакшы болсун, балдарыбыз жакшы билим алсын дейбиз ата-энелер деле”.

Акча чогултуу көбүнчө шаар мектептерине гана мүнөздүү маселе болуп каралып келаткан эле. Көрсө, бул айыл мектептеринде да курч маселе болуп бараткандай. Аны өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Т.Конушбаев парламенттин жыйынында көтөрүп чыкты.

“Жер-жерлерде мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу боюнча маселе курч турат. Менин дарегиме 150 ата-энеден арыз келди. Военно-Антоновка мектебинин директору акча чогултат деген.  Мектепте “Келечек” деген фондуна айына 100 сомдон алынат экен. Андан тышкары окуучулар мектепке кириш үчүн 500 сомдон алат экен, бербесе мектепке киргизбейт. Кошумча сабак үчүн 343 сом, кошумча сабактын ар бир китебине 200 сомдон алынат экен. Пол жууган кызматкерге жылына 560 сом чогултулат, башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагына 150 сомдон, жаңы жылга ар бир окуучудан 130 сомдон чогултулат экен. Окуучунун окуган тууралуу справка алуу үчүн 10 сомдон чогултулат. Ажаатканы оңдойбуз деп дагы 100 сомдон чогултуптур. Мындай болбойт, жакыр жашаган ата-энелер үчүн кыйын. Мектепте беш баласы окуса, ушунча каражат кетсе, кантип багат үй-бүлөсүн? – деди Т. Конушбаев.

Бир райондо табылган консенсус

Мектеп алдындагы фонддордун иши  өткөн аптада Каныбек Исаковдун Сокулук районундагы ата-энелер жана мектеп директорлору менен болгон жолугушуусунун башкы темасы болду.  Жыйынга 17 мектеп директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер катышты.

МЕКТЕПТИ ЧЫРМАГАН ЧЫРДЫН ЧЫНДЫГЫ

Мектеп директорлору ата-энелер чогулткан акчанын бирдиктүү суммасын бекитүүнү сунуштады. Ата-энелердин өкүлү Чынара Апиева бул процесс ачык-айкын болуш керектигин талап кылды. Ал өз кезегинде мектептеги коопсуздук кызматынын, пол жуучу кызматкердин эмгегин жана майда чыгашаларга кеткен каражатты Камкордук кеңештери гана көзөмөлдөсүн деген сунушун билдирди.

Министр Каныбек Исаков көп балалуу, аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар үй-бүлөлөрдү каражат топтоодон бошотуу зарылдыгын белгиледи.

Ошентип, бир райондо мектепке акча чогултуу маселесинде консенсус чечимге келгендей болушту. Ал эми калган аймактардагы тирешүү ушундай бир жыйын менен чечилип калса гана.

Эски токтомду эстегенде

Мектептерди өнүктүрүү үчүн коомдук фонд ачуу 20 жыл мурда

башталган. Эгемендиктин алгачкы жылдары мындай фонддор мектептерди оор кризистен сактап калганы жакшы белгилүү.

2006-жылга чейин Кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү токтому бар болчу. Ага ылайык, мектептерде ата-энелерден акча чогултууга уруксат берилип, шаардагы мектептерде 150 сом, айылда 100 сом болуп чектелген. 2006-жылы Конституцияда билим берүү акысыз деп көрсөтүлгөн деген негизде өкмөттүн токтому жокко чыгарылган. Бирок ошол учурда атайын коюлган бир сумма болгон үчүн мектептеги коррупция анча чоң эмес эле дешет.

“Ата-энелердин азыркы толкуну – мектептин, билим берүүнүн кризиси десек болот. Бул толкун жеке бир мектеп же бир райондун эмес, жалпы Кыргызстандын курч маселелеринин бири. Бул проблеманы жогорку деңгээлде чечүү зарыл. Маселен, биздин көпчүлүк ата-энелерибиз мектепти дайыма колдоого даяр. Алардын жардамы менен мектептин бир топ маселелери чечилди. Сунушум: 1990-жылы республика боюнча Өкмөттүн токтому менен 100-150 сом деп так сумма бекитилип турганы туура болчу. Ошону кайра жандандыруу керек. Ушундай жол менен мектеп ата-энеге көз каранды болбойт жана мектептин көйгөйлүү маселелери өз нугунда чечилип калат. Камкорчулар кеңешинин маселесин көтөрүү менен жалпы мугалимдин аброюна шек келтирилип жатат. Мугалимдин укугу да тебеленип жатат. Ким биздин ар намысыбызды коргойт?” – дейт  Маловодный мектебинин директору Кулипа Хайтбаева.

Ырас, мектепке коомчулуктун жардамын ыктыярдуу негизде жыйноо жөнүндө сунушка ата-энелердин өздөрүнүн ой-пикирлери ар башка. Бирөөлөр фондко жамынып чогулган акчаны директорлор алат, аны көзөмөлдөө кыйын деп каршы болууда. Экинчилери, кандай болгон күндө ата-энелердин колдоосуз мектепке кыйын болорун айтып жатышат.

“Анткени,  өз балдарыбызга шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Себеби биз анчейин бай болбогондуктан, балдарыбызды менчик мектептерге окутууга мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Ошондуктан өзүбүздүн  мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого колубуздан келген жардамды аябайбыз. Каалайбызбы, каалабайбызбы, баары бир мугалимдер менен биргеликте бардык маселелерди чечүүбүз зарыл. Анткени мектептин көйгөйүн алар жакшы билишет” , — деп айтылат Шопоков шаарындагы Эколог-экономикалык лицейинин ата-энелеринин билдирүүсүндө.

Мектеп фондуна каражат топтоого таптакыр каршы болуп жаткан ата-энелер өзүнчө бир тарап.

“Конституцияда бекер билим берүү деп каралган. Ошол мыйзам иштесин деп атабыз. Акча берген да, алган да, ортомчу болгон да мыйзам алдында жооп берет деген берене Кылмыш-Жаза кодексинде бар. Ошол мыйзамды кошуп, ортомчу мугалимдер, ата-энелер жазаланганда, фонддор жоюлмак. Ошондо акча жыйноо токтолот”, — дейт новопавловкалык Замира Мамбетова.

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуунун дагы бир түрү — класстык фонд. Ар бир класс жетекчи өзү каалаган сумманы коюп, бир жылга 500 сомдон 1000 сомго чейин чогултат. Бул, албетте, мыйзамсыз. Эч бир мыйзамда класстык фондго акча чогултуу тууралуу айтылган эмес. Ошондуктан көп ата-энелер Камкордук кеңеши менен класстык фондду чаташтырып алышат. Бул жерде да көп талаш-тартыш болуп жатат. Анткени ата-энелер “класстык фонд биздики, өзүбүз билебиз, биз балдардын туулган күндөрүнө белек беребиз, же  балдарыбызды жаратылышка чыгарып, эс алдырабыз, аны өзүбүз билебиз» деп чыгышат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер