МЕКТЕПТЕРГЕ АТА-ЭНЕЛЕРДИН АКЧАЛАЙ ЖАРДАМЫН ТАРТУУ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

  • 06.08.2021
  • 0

2021-жылдын 5-августунда өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Кактус Медиа» редакциясынын журналисти Жамиля Мусуралиеванын мектептердин алдында ата-энелер фондунун иштөөсү боюнча суроосуна жооп берип жатып, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга (оңдоп-түзөөгө ж.б.) кошумча жумшалуучу ата-энелер төгүмүнүн жылдык бекитилген суммасын аныктап алсак жаман болбос эле деген пикирин билдирген. Министрдин сөздөрү коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Ушуга байланыштуу, министрлик көптөгөн жылдардан бери коомчулукта карама-каршылыктуу көз караштарды жаратып, ата-энелердин нааразычылыгын туудурган ушул маселени мыйзамга ылайык чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүүдө. Анын курамына министрликтин кызматкерлери, ата-энелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ аталган маселенин укуктук, финансылык, социалдык ж.б. аспекттерин тыкыр карап чыгып, маселени чечүү жолдорун сунуштайт.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер