МЕКТЕПТЕРГЕ 2,6 МЛН СОМДУК ОКУУ ЭМЕРЕКТЕРИ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУЛАР БЕРИЛДИ

  • 17.12.2021
  • 0

16-декабрда Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь баасы 2,6 млн сомдук окуу эмеректерин жана техникалык жабдууларды Кыргызстандын жалпы билим берүүчү уюмдарына өткөрүп берүү аземине катышты.

МЕКТЕПТЕРГЕ 2,6 МЛН СОМДУК ОКУУ ЭМЕРЕКТЕРИ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУЛАР БЕРИЛДИ

Кытай Элчилигинин финансылык колдоосу менен республиканын ар кайсы аймактарындагы 15 мектеп үчүн окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар сатылып алынган. Атап айтканда:

— 360 комплект окуу партасы отургучтары менен;

— 30 комплект мугалимдин столу отургучтары менен;

— 30 китеп шкафы;

— 30 класстык такта жана 7 интерактивдик такта;

— 7 лазердик проектор.

МЕКТЕПТЕРГЕ 2,6 МЛН СОМДУК ОКУУ ЭМЕРЕКТЕРИ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУЛАР БЕРИЛДИ

Б. Купешев жалпы билим берүүчү уюмдарга материалдык-техникалык жардам түрүндө Кыргыз Республикасына берген кезектеги жардамы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге министр сапаттуу билим берүү үчүн Кыргызстандын мектептери бардык зарыл заманбап жабдуулар жана окуу эмеректери менен жабдылууга тийиш экенин белгиледи.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь кыргыз-кытай мамилелерин жана эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын натыйжаларын жогору баалады.

МЕКТЕПТЕРГЕ 2,6 МЛН СОМДУК ОКУУ ЭМЕРЕКТЕРИ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУЛАР БЕРИЛДИ

Иш-чаранын соңунда тараптар бул багыттагы кызматташтыкты улантып, республиканын алыскы аймактарында жайгашкан муктаж мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чогуу аракеттенмей болушту.

Жыйынтыгында Б. Купешев жана Ду Дэвэнь өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актына кол коюшту.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер