“МЕКТЕПТЕРДИ ЭКОЛОГИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛАНТУУ” ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

  • 15.12.2020
  • 0

География илими жаратылышты, эл чарбасынын көптөгөн тармагын (экономика, айыл-чарба ж.б.) жана саясий жагын да камтыган ар тараптуу илим болуп саналат. Ар бир мамлекет өз географиясын терең окуп-үйрөнүп, жаратылышына тынымсыз байкоолорду жүргүзүп турууга аракет кылып келишет.

“МЕКТЕПТЕРДИ ЭКОЛОГИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛАНТУУ” ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Учурда дүйнөлүк масштабда климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу, анын таасиринде пайда болгон экологиялык проблемаларды чечүү, табигый ресурстарды анализдөө жана аларды сарамжалдуу пайдалануу сыяктуу маселелери биринчи орунга чыкты. Дүйнөлүк масштабдагы глобалдык өзгөрүүлөрдөн Кыргыз жергеси да сыртта калган жок.

Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөрдүн тез эришине алык келип, суу ресурстарынын тартыштыгын пайда кылып бара жатат. Ата-мекендик географтар айлана-чөйрөбүзгө, анын ичинде өзгөчө мөңгү, суу ресурстарынын динамикасына тынымсыз байкоо жүргүзүп, климаттын тийгизип жаткан таасирлерин аныкташы жана алдын ала прогноз бериши учурдун талабы. Себеби, экономика жана айылчарбабыз түздөн түз суу ресурстарынан көз каранды. Мындан сырткары чөлдөшүү процессинин күч алышынын, ири шаарларда өнөр-жай жана транспорт таштандыларынын натыйжасында абанын курамында чаңдын, уулу заттардын көбөйүшү адамдын дем алуу органдарынын начарлашына алып келип жатат. Булар учурдун оркоюп көрүнүп турган маселелери. Азырынча көзгө көрүнбөгөн, бирок өзгөрүүгө учурап жаткан, келечекте ири проблемаларга алып келүүчү жаратылыштын көйгөйлөрү абдан көп.

“МЕКТЕПТЕРДИ ЭКОЛОГИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛАНТУУ” ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Айлана-чөйрөгө, табиятыбызга аяр мамиле кылуу абдан зарыл. Аяр мамиле кылуу бир адамдын колунан келбейт, ал үчүн жалпы коомдун бул багытта аң сезими жогору болушу абзел. Өзгөчө дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү жаш муунду жаратылышка үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого мектеп жашынан баштап тарбиялап келсе, азыркы учурда балабакчадан баштоо программалары да ишке ашып жатат. Дүйнөнүн 130га жакын өлкөсү мүчө болгон эл аралык GLOBE уюмуна (www.globe.gov) Кыргыз Республикасы да мүчө катары кирген.

“МЕКТЕПТЕРДИ ЭКОЛОГИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛАНТУУ” ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

GLOBE программасынын негизги максаты мектеп жашынан баштап, жаш муунга айланачөйрөгө байкоо жүргүзүүнү, жаратылышка аяр мамиле кылууну, ошондой эле алгачкы илимий анализдерди жасоону үйрөтүү болуп саналат. Жаш муундун, анын артынан жалпы коомдун экологиялык сезимин жогорулатуу менен гана Жер планетабызды, жалпы жаратылышыбызды сактап калабыз алабыз. GLOBE уюмунун Кыргыз Республикасындагы координатору катары АКШнын, Германия, Чехия, Италия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрүнүн GLOBEго мүчө мектептери менен таанышып чыктык. Албетте алар өнүккөн өлкө катары табиятка байкоо жүргүзүүчү приборлору менен толук камсыздалышкан, ошол эле учурда приборлордун иштөө принцибин жакшы түшүнүү үчүн айрымдарын өз колдору менен жасашып, көптөгөн эксперименталдык иш-чараларды жүргүзүп келишет экен. Мындан сырткары мектеп окуучулары айлана-чөйрөгө үзгүлтүксүз байкоолорду жүргүзүшүп, айланачөйрөдөгү айрым өзгөрүүлөрдү, жаңы жаралган экологиялык проблеманы биринчилерден болуп аныктаганга жетишишкен. Учурда GLOBE программасынын алкагында Кыргыз Республикасында активдүү иштерди алып барууга бет алдык. 2019-жылы кырктан ашык мектеп география мугалими үчүн тренинг уюштурдук. Ага Чехия, Россия мамлекеттеринин тренерлери да келип катышышты.

“МЕКТЕПТЕРДИ ЭКОЛОГИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛАНТУУ” ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

Ал эми 2020-жылы, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан жарыяланган конкурска катышып кичи грант жеңип алдык. Бул гранттын негизги максаты бир нече мектепти экологиялык идеялардын борборуна айлантуу болуп саналат. 2020-жылдын 7-декабрында жети мектептин география мугалимдери үчүн тренинг уюштуруп, АКШнын элчилигинин каржылоосунун негизинде 12 прибордун жыйнагынан турган “Labdisc Enviro” аттуу прибор менен төмөнкү мектептерди камсыздадык:

1). Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын Т.Бабанов атындагы лицей-интернатынын география мугалими — Замира Албанова.

2). Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылынын Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы орто мектебинин география мугалими — Эрали Абдиев.

3). Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын К.Жакыпов орто мектебинин география мугалими — Батина Муратжанова.

4. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин география мугалими — Таажыгүл Абдыгазиева. 5. Нарын облусунун Нарын шаарынын академик Үсөн Асанов атындагы мектепинтернатынын география мугалими — Зарина Тынайбекова.

6. Нарын облусунун Нарын районунун Кеңеш айылынын Казаалы Абиров орто мектебинин география мугалими — Бекбоо Курманов.

7. Бишкек шаарынын №69 мектеп-гимназиясынын география мугалими — Моңол Оморов. Бул лабораториялык прибордун жардамы менен окуучулар абанын температурасына, абанын салыштырмалуу нымдуулугуна, атмосфералык басымга, күн радиациясына, суунун ылайлуулугуна, суюктуктардын кычкылдуулугуна (pH), айлана-чөйрөдөгү үнгө (шум) ж.б. үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

GLOBE программасынын дагы бир максаты окумуштуу, ЖОЖ окутуучулары жана студенттери, мектеп мугалимдери жана окуучуларынын башын бириктирип, чоогуу иш алып баруу, байланышты чыңдоо болуп саналат. Келечекте мындай мектептердин санын көбөйтөбүз деген үмүттөбүз. География предмети байкоолору, ченөө иштери, талаа шартындагы практика жүзүндөгү изилдөөлөрү менен айырмаланат. Жогорудагыдай долбоорлордун ишке ашышы окуучуларга жакшы шарт түзүп бере алат. Окуу материалдарын өздөрү чогултат, ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрү артат, жергиликтүү жаратылышты сактоодо өздөрүнүн үлүшүн практика жүзүндө кошо алышат. Дүйнөдө 30 000ден ашык мектеп GLOBE программасына мүчө болуп саналат. Бул окуучулар дүйнөнүн ар тарабындагы байкоолорунун жыйынтыктары менен таанышып тура алышат. Ырааттуу түрдө онлайн вебинарлар уюштурулуп, окуучулар өз жетишкендиктери менен (англис тилинде) бөлүшүп турушат. Учурдун талабы болгон англис тилин үйрөнүүгө да шыктандырат, дүйнөлүк деңгээлге чыгууга жол ачат.

Биринчилерден болуп 2019-жылы Бишкек шаарындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары Нидерландиянын окуучулары менен тажрыйба алмашып келишти. Келечекте алардын окуучуларынын бизге келүүсү күтүлүп жатат. Мындай иш-чаралардын жардамы менен кыргыз окуучуларынын дүйнө таанымын кеңейте алабыз. Өлкөбүздүн жаратылышын билим деңгээлибизди жогорулатуу менен гана сактай алабыз. Илим-билими күчтүү гана өлкө өнүгө алат. Бул долбоор АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланды. Кыргыз Республикасындагы Америка кошмо штаттарынын элчилигине биздин билим берүү багытындагы долбоорлорду финансылык жактан колдоп жаткандыгы үчүн жалпы мектеп мугалимдеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Эл аралык GLOBE билим берүү жана илим программасынын

Кыргыз Республикасындагы координатору,

Г.и.к., доцент, Мураталы Дүйшөнакунов.

Бөлүшүү

Комментарийлер