МЕКТЕПТЕРДЕГИ КЫЗЫЛ ЖУРНАЛ ЖОЮЛАТ

  • 12.06.2025
  • 0

Жаңы окуу жылынан баштап мектептерде кызыл журналдар болбойт. Мектептер толугу менен электрондук күндөлүккө өтөт. Окуучулар жана ата-энелер бааларды жана катышууну онлайн көрө алат.

МЕКТЕПТЕРДЕГИ КЫЗЫЛ ЖУРНАЛ ЖОЮЛАТ

Агартуу министрлиги кагаз түрүндө отчет берүүнү да кыскартат. Учурда мугалимдер отчеттун 46 түрүн түзүшү керек. Анын үстүнө бул отчеттор Агартуу министрлигине эле эмес, санэпидстанцияга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга да даярдалган. Келечекте мунун баары системада автоматтык түрдө түзүлөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер