МЕКТЕПТЕРДЕ ШАХМАТ ЖАЙЫЛТЫЛАТ: МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУ БАШТАЛДЫ

  • 20.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана Агартуу министрлигинин буйругун ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн билим берүү тармагында маанилүү саамалык старт алды. Тагыраагы, жалпы билим берүүчү мектептердин 3–5-класстарында эмгектенген мугалимдер үчүн шахмат боюнча республикалык квалификацияны жогорулатуу курсу өз ишин баштады. Бул демилге окуучулардын интеллектуалдык дараметин эрте жаштан өстүрүүгө жана мектептердеги кошумча билим берүү ийримдерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган. МЕКТЕПТЕРДЕ ШАХМАТ  ЖАЙЫЛТЫЛАТ: МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУ БАШТАЛДЫОкутуунун башкы максаты — мектептерде шахмат ийримдерин квалификациялуу жана натыйжалуу жүргүзө ала турган кесипкөй педагогикалык кадрларды даярдоо. Шахмат жөн гана оюн эмес, ал балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, эс тутумун, кунт коюусун жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүчү күчтүү педагогикалык курал болуп саналат. Ушундан улам, өлкө боюнча бардык мектептерде шахмат билимин массалык түрдө жайылтуу жана ар бир 3–5-класстын окуучусуна бул акылман оюнду сапаттуу үйрөнүүсү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү милдети алдыга коюлууда.

Республикалык квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан уюштурулуп жаткан бул окутуудан өткөн мугалимдер балдарга шахматтын сырларын гана ачпастан, аларды стратегиялык ой жүгүртүүгө, өз алдынча туура чечим кабыл алууга үйрөтүүчү заманбап усулдарды өздөштүрүшөт. Бул кадам келечекте ар бир мектепте күчтүү шахмат клубдарынын ачылышына түрткү берип, жаш муундун интеллектуалдык жактан ар тараптуу өнүгүүсүнө жана билим берүү сапатынын жогорулашына бекем пайдубал болот.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер