Мектептерде окуучулардын тамактануусун жакшыртуу тууралуу жобо бекитилди

  • 10.09.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти. Билим берүү мекемелеринде окуучулардын толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү токтомго кол койду.

2025-жылга жана андан кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда студенттердин тамактануусун колдоого акча каражаттарын караштыруу иши тиешелүү органдарга тапшырылды.

Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин тамак-аш тармагындагы кызматкерлерди сертификациялоо жана квалификациясын системалуу түрдө өркүндөтүү милдеттендирилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер