МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН САБАК УБАКТЫСЫ ЖАНА ҮЙ ТАПШЫРМАЛАРЫНЫН КӨЛӨМҮ БЕЛГИЛЕНДИ
- 04.08.2026
- 0
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 1-класстын сабагы 40 мүнөт болот. Сабактардын ортосунда 10–15 мүнөттүк кыймыл-аракет, музыка менен эс алуу тыныгуусу берилет.

2-класстарда да сабак 40 мүнөт, ал эми 3–11-класстарда 45 мүнөттөн өтүлөт.
Мектептер төмөнкү эрежелерди сакташы керек:
Сабак эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталбашы керек.
Эгер мектеп эки нөөмөттө иштесе, 1-, 2-, 5-класстар биринчи нөөмөттө окушу керек.
Үй тапшырмасынын көлөмү чектелет:
1-класстарга үй тапшырмасы берилбейт;
2–3-класстарга — күнүнө 1,5 саатка чейин;
4–5-класстарга — 2 саатка чейин;
6–8-класстарга — 2,5 саатка чейин.
Сабактардын жүгүртмөсү окуучулардын ден соолугуна зыян келтирбегендей, санитардык талаптарга ылайык түзүлүшү керек.
Окуу учурунда окуучуларды айыл чарба иштерине тартууга болбойт.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер