МИНИСТРЛИК МЕКТЕПТЕРДЕ МЕДИЦИНАЛЫК КАБИНЕТТЕРДИ АЧУУНУ ПЛАНДООДО

  • 18.03.2021
  • 0

Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана Концепциясын иштеп чыгууда ушул кезде дары-дармектерди кабыл алуу жана инъекцияны алуу үчүн зарыл болгон шарттардын жоктугунан жалпы билим берүү уюмдарына бара албай жатышкан ар кандай оорусу бар адамдардын айрым категорияларынын билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе өзүнчө каралган.

Маселен, кант диабети бар балдар, эгерде үйрөтүлүп-окутулган персонал жана инъекцияны алуу же аны өз алдынча жүргүзүү үчүн орун-жай болсо, мектепте окуй алышат. Талма оорусу кээде эле кармай калган балдар, эгерде мектепте медициналык кызматкер болсо, кадимки класста окуй алышат. Башкача айтканда, медициналык мектептерди ачуу жана мектептин штабына медайымды киргизүү ар кандай оорусу бар балдардын билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн бир кыйла көбөйтүүгө шарт түзөт.

2022-2023-окуу жылында ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачуу, жабдуу жана медайымдын ставкасын (0,25тен 1 ставкага чейин) киргизүү пландалууда, ошол эле учурда медициналык кабинеттерди жабдууга 386,7 млн. сом көлөмүндө кошумча каржылоо зарыл. Жалпы билим берүү уюмдарында ачылган медициналык кабинеттерде иштеген медициналык кызматкерлердин эмгек акысы 232,1 млн. сомду түзөт.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер